Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Зеленский "согуш кылмыштары" үчүн Орусияга чара көрүүгө чакырды


БУУнун Коопсуздук кеңеши. Нью-Йорк. 5-апрель, 2022-жыл
БУУнун Коопсуздук кеңеши. Нью-Йорк. 5-апрель, 2022-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги кайрылуусунда Орусияны Украинада жасалган кылмыштар үчүн жоопко тартууга үндөдү.

Президент Буча шаарында болгон окуялардын видеосун көрсөттү. Анын айтымында, Киевдин четиндеги шаарчада, бүтүндөй үй-бүлөлөр туш келди жок кылынган.

"Аларды батирлеринде, үйлөрүндө өлтүрүшкөн. Жөнөкөй кишилерди машинеде отурган жеринен танктар менен ырахат алуу үчүн тебелеткен”, - деди ал.

Зеленский Бучадагы окуяларды Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки “эң коркунучтуу согуш кылмыштар” деп атады. Бул украин жергесинде “41 күндөн бери баскынчылар жасап жаткан жоруктардын бир эле мисалы” деп белгиледи. Анын айтымында, орус аскерлерлери кыйроолор, жапырт көрүстөндөрдү калтырып кетишти.

Зеленский “жүз миңдеген” украиналык Орусияга депортациялашканын айтып, орусиялыктар украиндерге таандык ар бир нерсени – тамак-ашынан баштап алтын буюмдарына чейин уурдоодо деп айыптады.

Президент БУУну Орусияга каршы санкция киргизүүгө гана эмес, ал өлкөнү Коопсуздук кеңешинен чыгарууга чакырды. Ал ошондой эле БУУнун хартиясын реформалоо керектигин, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин нацисттерди соттогондой эл аралык трибунал түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Орусиянын бийлиги айыптоолорду четке кагып, орус аскерлеринин Бучадагы кылмыштары тууралуу маалыматтарды Москваны каралоону көздөгөн “чагым” деп сыпаттаган. Кремл аскерлер Бучадан 30-мартта чыгарылганын айтууда.

Бирок Maxar Technologies фирмасынын спутниктен марттын ортосунда тартылган сүрөттөрдө Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнүп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG