Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

"Ихсан" кооперативи каржылык чыр-чатактарга түшүндүрмө берди


Акинай Бекмурзаева, сүрөт ihsan.kg сайтынан алынды.
Акинай Бекмурзаева, сүрөт ihsan.kg сайтынан алынды.

"Ихсан" кооперативи каржылык чыр-чатактар тууралуу түшүндүрмө берди. 5-апрелде "Ютубдагы" IHSAN GROUP LTD деген каналга компаниянын негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаеванын видеокайрылуусу жарыяланды.

Бекмурзаева компания менен кардарлардын ортосунда өз ара түшүнүшүү бар экенин, ишмердик кадимки нукта уланып, кардарлардын жапырт нааразылыгы жоктугун белгиледи. Турак жай сатып алуучулардын тизмеси камтылган онлайн портал иреттелип жатканын билдирди.

Ошондой эле "журналисттер, блогерлер туура эмес маалымат таратып жаткандыктан, түшүнбөөчүлүктөр жаралууда" деген өңүттө сүйлөдү.

“Ихсандын” бир катар мүчөлөрү 4-апрелде ишкананын Бишкектеги кеңсесине чогулуп, нааразылык билдиришкен. Алар үй алууга акча берип, бирок турак жай албай калганын билдиришкен жана акчаны кайтарып берүү талабын коюшкан.

Ички иштер министрлиги "Ихсан групп ЛТД" турак жай кооперативине 2021-жылы кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен тергелип, сотко чейинки өндүрүштү министрликтин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Акинай Бекмурзаева муну тастыктап, милиция сураган ар бир документтер бар экенин кошумчалады.

Буга чейин "Ихсандан" башка турак жай кооперативдерине да нааразылыктар айтылып, милицияга арыздангандар болгон. Бишкекте "Белый Дом Кейжи" ("Ак үй Кейжи"), Ошто S-LINE турак жай кооперативинин жетекчилери алдамчылыкка шек саналып кармалган. (SE)

XS
SM
MD
LG