Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

2021-жылы кыздарды уурдап, никеге мажбурлаган 560 факты катталды


Айзаданын өлүмүнөн кийин Бишкекте өткөн нааразылык акциясында тартылган сүрөт.
Айзаданын өлүмүнөн кийин Бишкекте өткөн нааразылык акциясында тартылган сүрөт.

2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталды. Бул тууралуу 5-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

"Соттун кароосуна 82 иш жиберилип, 460 иш кыскартылды, ал эми 14 иш каралууда, - деди ал.

Зулушев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин жыйынында көзөмөл органынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жыйында депутаттар Айзада Канатбекованын иши боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маселени да көтөрүштү.

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова өлүмүнө бир жыл толду. Тергөөнүн версиясы боюнча, Замирбек Теңизбаев аттуу жаран кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой, ал киши аны зордуктап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган.

Айзаданын апасы Назгүл Шакенова чырактай кызын зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет кылбаган милиция кызматкерлерине, ошол маалда кызматтан алынгандар кайра эле айланып келип ар кандай жумуштарда иштеп жатканына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. 170 өлкөдөгү кыз-келиндердин абалына баа берген рейтингде Кыргызстан 97-орунда турат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG