Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Парламентте Айзаданын өлүмүнө байланышкан маселе көтөрүлдү


Айзаданын уурдалган учуру видеокөзөмөлгө жазылып калган.
Айзаданын уурдалган учуру видеокөзөмөлгө жазылып калган.

Бишкекте 2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу укук коргоо органдарына чара көрүү маселеси парламентте көтөрүлдү.

5-апрелдеги жыйында депутат Жанарбек Акаев Айзаданы зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет жасабаган милиция кызматкерлери ошол маалда кызматтан алынып, кийин кайра жумушка орношконун сындады. Депутат муну маркумдун апасы Назгүл Шакенованын "Азаттык" радиосуна сүйлөп берген сөздөрүнө таянуу менен айтты.

Жыйынга катышкан ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев кызматтык териштирүү жүргөнүн билдирди:

«Кызматтык териштирүүнүн негизинде бир канча адам жумуштан бошотулуп, жазаланган. Бир жылдан кийин жаза мөөнөтү бүтсө, кайра кызматка алынган болушу мүмкүн. Мен азыр так айта албайм, эртеңкиге тактап беремин».

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова өлүмүнө бир жыл толду. Айзаданын апасы Назгүл Шакенова чырактай кызын зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет кылбаган милиция кызматкерлерине, ошол маалда кызматтан алынгандар кайра эле айланып келип ар кандай жумуштарда иштеп жатканына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG