Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Украина: АКШнын жардамы, "ленд-лиз" программасы


Америкалык Javelin ракетасын сынап жаткан украин аскерлери. Донецк облусу. Декабрь, 2021-жыл.
Америкалык Javelin ракетасын сынап жаткан украин аскерлери. Донецк облусу. Декабрь, 2021-жыл.

АКШ Сенаты Украинага аскердик жана каржылык жардам көрсөтүүнү жеңилдеткен "ленд-лиз" программасын колдонууга уруксат берген мыйзамды колдоду. Вашингтон экинчи дүйнөлүк согушта СССРге бул программа аркылуу жардам көрсөткөн. Ал эми Словакия Украинага С-300 абадан коргонуу системасын берди.

Украинанын аскердик аба күчтөрү Орусиянын учактарынын саны жана технологиялык артыкчылыгынан улам аба соккуларынан коргонуу кыйын болуп жатканын билдирди.

"Жус" деген шарттуу ысымдагы украин учкучу азыр алар Орусиянын 2015-жылкы заманбап учактарына каршы 80-жылдардагы советтик үлгүдөгү учактар менен согушуп жатканын белгиледи:

"Душмандын абадан сокку урууларына каршы бир топ ийгиликтерибизге карабай, асманда согушуу оор болууда. Тилекке каршы, орусиялык истребителдер бомбалоочу учактарын калкалап, жапкан жана башка технологиялык үстөмдүгүнөн улам аба салгылаштарында биздин мүмкүнчүлүктөр төмөн болуп жатат".

Буга чейин президент Владимир Зеленский өлкөнүн асманын жабуу үчүн НАТОдон украин учкучтарына тааныш советтик үлгүдөгү МиГ-29 учактарын жана абадан коргонуу системасын сураган. Ал НАТОго кирген Болгария, Румыния жана Польша сыяктуу мурдагы социалисттик лагердеги өлкөлөрдө 20 миңден ашуун советтик үлгүдөгү МиГ-29 учактары бар экенин белгилеп, ошонун 2-3% сатылса же карызга берилсе, Украина Орусиянын аба соккуларына туруштук бере аларын айткан болчу.

Зеленскийдин суранычы

Президент Владимир Зеленский абадан коргонуунун алсыздыгынан пайдаланган Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн Краматорскидеги темир жол бекетине урган соңку соккуларын мисал келтирди:

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

"Орусиялык аскер күчтөрү Краматорск шаарындагы темир жол вокзалына сокку урду. Кадимки вокзалга, карапайым элге... Ал жакта аскерлер болгон эмес. Коопсуз аймакка чыгып кетүү үчүн поезд күтүп турган адамдарды ракета менен аткылашты. Күбөлөр бар, видео бар. Ракета калдыгы турат. Бирок адамдар эми жок. Кеминде, 50 киши өлүп, 300гө жакын адам жарадар", - дейт Зеленский.

Бул өтүнүчкө жооп кылып, Словакия 8-апрелде С-300 абадан коргонуу системасын Украинага жеткире турган болду. Бул үчүн АКШ ага Patriot зениттик-ракеталык комплексин берүүнү убада кылды.

Украина: орус аскерлери үйлөрүнө эмне жөнөтүүдө?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

АКШнын аскердик жардамынын тарыхый мааниси

Анын алдында АКШ Украинага тоскоолдуксуз же ыкчам түрдө аскердик жана каржылык жардам "ленд-лиз" (Lend-Lease) программасын ишке киргизери белгилүү болду. Бул программа Украинадагы согуш узакка созулуп кетсе, өлкөгө тынымсыз жана үзгүлтүксүз аскердик-экономикалык жардам берүүнү кепилдейт.

АКШ Сенаты ага тиешелүү мыйзам долбоорун жактырды.
Бул программа аркылуу АКШ гитлердик Германияга каршы согушта СССРге үзгүлтүксүз жардам берип турган. Анда Вашингтон гитлердик Германияга каршы коалицияга кирген өлкөлөргө аскердик жана экономикалык жардам көрсөткөн. Анда аскер техникасы, курал-жарак, ок-дары, медициналык аспаптар менен жабдуулар, транспорттук каражаттар жана азык-түлүк камтылган.

Эл аралык коопсуздук борборунун директору Валерий Кравченко СССРге фашизмди жеңүүгө жардам берген программанын тарыхый маанисине жана учурдагы зарылчылыкка токтолду:

"Менимче, бул жерде эки фактор бар. Орусия үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштагы тарых менен байланыштуу. "Ленд-лиздин" жардамы менен Советтер союзу фашизмди жеңген. Азыр эми тескерисинче, "ленд-лиз" Орусияга каршы зарыл болуп турат. Бул орус жарандарына бүткүл дүйнө колдоп жаткан Украинадагы алардын "атайын операциясы" туура эместигин туюнткан ишарат. Башка жактан Украинага бул согушту жеңиш менен аяктоо үчүн "ленд-лиз" аябай маанилүү. Азыр жок эле дегенде 12-20 млрд. доллар керек".

АКШнын "ленд-лиз" (Lend-Lease) программасы Киевге коргонуу каражаттарын карызга же лизингге берүү тууралуу келишим түзүү үчүн Ак үйгө кеңири укуктук мүмкүнчүлүк берет. Ал курал-жарактардын экспортун тездетип, бюрократиялык тоскоолдуктардын алдын алууга өбөлгө түзө турганы документте көрсөтүлгөн.

Сенаттагы парламенттик көпчүлүктүн башчысы Чак Шумер бул мыйзамды сунуштап жатып, Орусиянын Украинадагы аракеттерин "кыргын" деп сыпаттады.

Москва мындай айыптоолорду четке кагып, Украинаны улутчул күчтөрдөн "тазалоо" үчүн "атайын аскердик операция" өткөрүп жатканын айтып келет.

Киевге жардам уланууда

Анткен менен Орусиянын кол салуусуна туруштук берүү үчүн дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөр Украинага аскердик жардам берүүнү улантууда. Австралия жалпы наркы 37 млн. долларлык 20 даана "Бушмастер" чопкутталган аскердик транспортун берди.

Канберра буга кошумча Киевге 87 млн. доллар жардам көрсөттү.

8-апрелде Британия менен Германиянын өкмөт башчылары Украинага курал-жарак берүү боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Лондон Starstreak зениттик комплекси камтылган 120 млн евролук курал-жарак берсе, Германия жөө аскерлердин чопкутталган күжүрмөн машинелерин жеткирүүнү убада кылды.

Орусия Украинага кол салганына алты жумадан ашты. Согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, 4 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөлөргө качууга аргасыз болду.

Орусия жакында Украинанын түндүгүнөн жана Киевдин тегерегинен аскерин чыгарганы менен чыгыш тарапта жаңы чабуулдарга даярдык көрүп жатканы кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG