Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Краматорскидеги каргаша, Орусия айыптоону четке какты


Краматорск темир жол бекетине урулган соккудан курман болгондор. 8-апрель, 2022-жыл.
Краматорск темир жол бекетине урулган соккудан курман болгондор. 8-апрель, 2022-жыл.

Украинадагы темир жол бекетине урулган соккудан кеминде 50дөй адам курман болду. Үч жүздөй киши жаракат алды. Президент Владимир Зеленский "чабуулду карапайым тургундарга атайын жасалган сокку" деп атады. Орусиянын жетекчилиги кол салуу үчүн жоопкерчиликти алуудан баш тартууда.

Украинанын мамлекеттик темир жол компаниясы билдиргендей, Краматорск вокзалына эки ракета атылган. Ал бекет аркылуу орус аскерлеринин аткылоосуна кабылган райондордогу жайкын тургундар коопсуз жактарга көчүрүлүп жаткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул эле күнү Финляндия парламентине жасаган кайрылуусунда, сокку урулган маалда станцияда украин аскерлери болбогонун айтты.

"Согуш талаасында бизге каршылык көрсөтүүгө күчү жана эрки жетпегендиктен, алар карапайым адамдарды жок кылып жатышат. Бул чеги жок зулумдук. Аны жазаламайынча токтобойт",-деди Зеленский.

Краматорск бекетинен тартылган видеолордо ондогон адамдардын сөөктөрүн көрүүгө болот. Алардын жанында көтөрүп бараткан баштыктары, чемондандары турат.

Алгач 30 адамдын курман болгону кабарланган. Кийин бул сан 39га чейин өстү. Алардын арасында төрт бала бар. Бул тууралуу Донецк облустук аскердик администрациянын жетекчиси Павел Кириленко билдирди.

"Орустар атайлап карапайым тургундардын эваукациясына тоскоолдук жаратууну көздөп жатышат. Алар үчүн адам өмүрү эч нерсеге татыбайт, адамдарды жөн гана максатына жетүүнүн аспабы катары колдонушат",-деди ал.

Краматорск шаарынын мэри Александр Гончаренко билдиргендей, кол салуу маалында станцияда төрт миңдей киши бар болчу.

Орусиялык ракетанын калдыктары. 8-апрель, 2022-жыл.
Орусиялык ракетанын калдыктары. 8-апрель, 2022-жыл.

Орусия жоопкерчиликти алуудан баш тартты

Орусиянын Коргоо министрлиги темир жол бекетине жасалган кол салуу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алуудан баш тартты. Ошондой эле Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Орусиянын куралдуу күчтөрү мындай ракеталарды колдонбой турганын билдирди:

"Бул жерден Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таяныш керек. Анда Орусиянын куралдуу күчтөрү мындай ракеталарды колдонбойт деп турат. Биздин куралдуу күчтөрү мындай ракеталардын түрүн колдонбойт. Краматорскто эч кандай аскердик тапшырмалар болгон эмес".

Анткен менен "Биздин балдарыбыз үчүн" деген орус тилиндеги жазуусу бар ракетанын калдыктары вокзалдын жанына түшкөн.

Кол салуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон жер Ляйен, шаркеттин башкы дипломаты Жозеп Боррель жана Словакиянын өкмөт башчысы Эдуард Хегер Киевге келген маалда жасалды.

Бул Бучадагы кыргындан кийин Батыш лидерлеринин украин баш калаасына жасаган алгачкы сапары.

8-апрелде Евробиримдик Бучадагы окуяларга байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды салды. Ага ылайык, Орусиядан көмүр, жыгач, арак жана башка химиялык заттарды импорттоого тыюу салынат. Буча шаарынын бийлиги орусиялык аскерлер 300дөй жергиликтүү тургунду өлтүргөнүн билдирип жатат. Москва мындай айыптоолорду четке кагууда.

Зеленский 7-апрелдин кечинде Киевдин жака белиндеги орус аскерлеринен бошотулган дагы бир шаар Бородянкада абал Бучадан да жаман экенин билдирген. Учурда Бородянкада куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат. Алардын алдынан жүздөгөн адамдын сөөктөрү чыгышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

Орусия 29-мартта Киевдин айланасындагы баардык шаарлардан өз аскерлерин чыгарып кетерин билдирген. Украин бийлиги болсо Москва мындай кадамга жакшы ниеттен эмес, утулуп баратканы үчүн барды деп эсептейт. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков орус армиясы Украинада катуу жоготууларга учураганын 7-апрелдин кечинде билдирген.

Ошондой эле Киев жана Батыш мамлекеттеринин чалгын кызматтары Орусиянын армиясы өз күчүн топтор, Донбасс аймагына катуу сокку урушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG