Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Краматорсктогу чабуулда өлгөндөрдүн арасында балдар да бар


Краматорск шаарынынын вокзалы, 8-апрель 2022-жыл.

Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалында болгон аба чабуулунан каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти. Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Артем Дехтяренко билдиргендей, орус күчтөрүнүн ракета соккусунан мерт болгондордун арасында 4 бала бар.

8-апрелде шаар тургундарын эвакуациялоо иши жүрүп жаткан маалда урулган соккудан 100дөй адам жаракат алды. Интернетке жарыяланган видео жана сүрөттөрдөн темир жол бекетинде чемодан жана рюкзактардын арасында ондогон адамдын өлүгү жатканын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча Украинанын коопсуздук кызматы "Согуш эрежелерин жана салттарын бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Украин бийлиги орус тарап "Точка-У" ракетасын колдонгонун билдирип жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чыгышына урулган бул соккуга тиешеси жок экенин маалымдап, бул чабуулду "чагым" деп мүнөздөдү.

Буга чейин айрым украин басылмалар орус тарап "Искендер" ракеталарын колдонгонун жазышкан.

Украинанын чыгышындагы шаарды бутага алган бул чабуул Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел жана Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер президент Владимир Зеленский менен сйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Киевге келген маалда болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG