Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери көчүрүүгө каршы акцияга чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айрым кызматкерлери аларды башка, ыңгайсыз, тар жайларга көчүрүп жатканын айтып нааразылык акциясына чыгышты. Алардын билдиришинче, энергетика тармагындагы жетекчилер бошогон кеңсени менчик майнинг-фермага бергени жатат.

Бул акцияга байланыштуу "Электр станциялары" ишканасы түшүндүрмө берип, ЖЭБдин кеңсеси майнинг-фирмага берилет деген сөздөрдү четке какты. Ишкана тараткан маалыматта чыгымдарды оптималдаштыруу жараянынын алкагында аларга караштуу бир компаниянын борбордук аппараты ЖЭБге көчүрүлүп жатканы айтылат.

Мунун алдында социалдык тармактарга нааразы болуп митингге чыккан ЖЭБдин кызматкерлери, бошогон кеңселер, көчүрүү үчүн даярдалган, үйүлгөн кагаз-китептер тартылган видеолор тараган.

XS
SM
MD
LG