Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Жапаров: министр Бейшеналиев боюнча жакында чечим кабыл алабыз


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылганын билдирди. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрге жакын арада чара көрүлөрүн маалымдады.

"Ар бир атуул, ошонун ичинде өкмөткө жумушка кирген адам, министрлер кынтыксыз иштеши керек. Адам баласынын аброюна шек келтирбеши керек. Биз, мен дагы, президент дагы ал кишиден (Бейшеналиев - ред) "улуу киши экенсиз, жүрүм-турумуңузду оңдоп, оюңуздун баарын айта бербей мыйзамдын чегинде иш алып барыңыз, реформаларыңызга эч ким тоскоол болбойт" деп айтканбыз. Бирок биз анын реформаларын да карайбыз, жакында чечим кабыл алабыз", -деди өкмөт башчы.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандарынан улам өлкө жетекчилерин реакция кылууга чакырган.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG