Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди


Апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди. 7-апрель, 2022-жыл. "Ата-Бейит"
Апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди. 7-апрель, 2022-жыл. "Ата-Бейит"

Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 12 жыл болду. Кыргызстандын бир катар аймактарында Апрель ыңкылабында каза болгондор эскерилди.

Алишер 2010-жылы 7-апрелде окко учкан чоң атасы Дүйшөнбек Чалбаевге куран окуп, эскерүү үчүн Ата-Бейитке келген. Ал чоң атасын көрбөгөнү менен баатырларча курман болгон деп билет.

“Менин атам баатыр болуп өлгөн. Чындык үчүн, эл үчүн. Мен анын фамилиясын алып жүрөм. Мен ошого сыймыктанам”.

Бакиевдин кандуу режимине каршы чыгып, жарыкчылык менен кош айтышкандар Кыргызстандын бир катар жерлеринде эскерилди. Президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков баштаган жогорку бийликтин бардык өкүлдөрү Ата-Бейитке гүл коюшту.

Президент Садыр Жапаровдун атайын кайрылуусунда 12 жыл мурун Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтар коррупциялашкан бийликти кулатканы, бийлик мындан ары элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербей турганы айтылган.

"Апрель элдик революциясында кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жигиттерибиз — бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары. Алардын ажалга тике караган эрдиктери канча мезгил өтсө да элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, кылым карыткан Кыргызстандын тарыхында ысымдары алтын тамга менен жазылып калары талашсыз. Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул-кыздары турганда кыргыз эли адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкүн эмес. Калкыбыз аң-сезими өзгөрүп, мындан ары өз тандоосунан тайбай, жаркын келечекке багыт алды. Аксы окуясын, Март жана Апрель элдик революцияларын терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз",-деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Апрель окуясынан 12 жыл өтсө да, ал тууралуу түрдүү пикирлер айтылып келет. Идея үчүн жанын берген балдардын өлүмү максатына жетпей, революция мүдөөсү уурдалганын окуяга катышкандар айтышууда.

Апрель ыңкылабынын арты менен бийликке келген, учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы кайрылуу жасады. Ал Кумтөрдү башкаларга берип, аксылыктарга ок чыгарган Аскар Акаевге жасалып жаткан мамилени, Апрель окуясынын баатырлары унуткарылып баратканын сынга алган. Ал "учурдагы бийлик Бакиевдерди алып келүү аракетин көрүп жатат" деп тынчсызданган.

"Ата-Бейитке" келген Апрель окуяларынын катышуучуларынан да ушундай пикирди айткандар болду.

“Садыр Жапаровго деле түшүндүрүп койсоңор жакшы болот эле. Биз ага жете албайбыз. Азыр бирөө бирдеме деп койсо эле камап жатат. Биз эч кимден коркпойбуз. Биз октон корккон эмеспиз. Бакиевдерди алып келем десе алып келсин. Көрөбүз. Медет Садыркуловду өлтүргөн киллерди актап жатышат. Эмнеге ал тууралуу маселе көтөрбөйсүңөр?”, - деди “Айкөл таза коом” уюмунун төрагасы Усупбий Шеримбаев.

Апрель окуясынан туура 10 жыл өткөндөн кийин 2021-жылдын октябрында парламенттик шайлоонун таза өтпөгөнүнө нааразы болгондор акцияга чыгып, аягы бийлик алмашуу менен бүткөн. "Ата-Бейитке" келген Октябрь окуясынын катышуучусу Оңолбек Болотбеков мындай дейт.

"Октябрдагы баатырлар 7-апрелдегилерди эскерип, куран окуп кетели деп келдим. Кайсы бир деңгээлде элдин мүдөөсү аткарылып жатканына ишенебиз. Канча жылдан бери ала албаган Кумтөрдү алдык, айлык акы, пенсия көтөрүлдү. Бийлик карапайым элди ойлоп иштеп жатат. Бирок, айрым адамдардын бийликке келип жатканына апрелчилер деле каршы болуш керек, биз дагы каршыбыз”.

Эскерүүгө келгендер 2010-жылы бийликти алган саясатчылар тууралуу ар кандай ой-пикир, сөз болгонуна карабай, революциянын баштапкы маани-маңызы унутта калбаш керек деп эсептешет.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Исмаил Исаков мындай ою менен бөлүштү.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

“Биз азыр бардыгына бир адамга каршы болсоң болгун, бирок кыргыз элинин каармандыгын, эрдигин, эч кимге кул мүнөз болбойм деген эркин аракетин даңазалаш керек деп түшүндүрүшүбүз керек. Китеп жазып, киного тартып, спектакль коюп, кыргыздын мүнөзү кандай экенин көргөзүш керек. Каршы адамдар мейли жаман болсун, бирок революциянын идеясын жоготконго барбашыбыз керек. Бүгүн ошондой аракеттин болгону өкүндүрүп жатат”.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG