Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Акылбек Жапаров: президент соцтармактарга көз салып турат (видео)


Акылбек Жапаровдун "Азаттыкка" маек берип жатканы учуру, 8-апрель, 2022-жыл.
Акылбек Жапаровдун "Азаттыкка" маек берип жатканы учуру, 8-апрель, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачык иштөө, жарандык коомдун сунушун угуу тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берди. Анда президент баш болуп социалдык тармактардагы суроо-талап, дооматтарга көңүл буруп жатканын айтты.

"Мен түн ичинде келген билдирүүлөрдөн улам ойгоном. Анткени президент, Садыр Нургожоевич социалдык тармактардын баарын карап турат. Биздин өкмөт азыр ушунчалык ылдамдык менен иштеп жатат. Кайсы социалдык тармакта эмне чыкпасын, биз баарына, коомдук пикирдин баарына жооп бергенге аракет кылып жатабыз. Биз азыр губернаторлордун баарын "элге чыккыла, отчет бергиле" деп жатабыз. Биз социалдык тармактарда кайсы министрликке кандай доомат коюлуп жатканын чогултуп, анын баарын ар бир министрликке жибергенге даярбыз",-деди Жапаров.


Өткөн айда муниципалдык кызматкерлердин социалдык тармактарды колдонуу шарттары жазылган Бишкек шаардык мэриясынын каты талаш-талкуу жараткан. Ал катта муниципалдык кызматкерлерге социалдык тармактарда бийликти сындаган, жамандаган билдирүүлөргө жактыруу белгисин басып, пикир калтырууга болбой турганы эскертилген.

Көп өтпөй мэрия бул шарттар сунуш катары гана берилгенин айтып түшүндүрмө берген. Ошол эле маалда "мыйзам муниципалдык кызматкерлерге жогору турган кызмат адамын же органды ачык сындоого тыюу салат. Эгер бул жобо сакталбаса ал кызматкерге жумуштан алууга чейин чара көрүлөт” деп жазылган түшүндүрмөдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG