Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Акылбек Жапаров: Лейлектеги жер чыры инвентаризациядан чыкты


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде Баткен облусунун Лейлек районунда жер бөлүштүрүүдөн чыккан талаш-тартыш, камоолор тууралуу комментарий берди. Анда бул окуяларды мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо жараяны менен байланыштырды.

"Бул инвентаризация аягына чыгып калганынын негизинде чыга баштады. Биз ар бир атуулдун жана өкмөткө таандык жерлердин кимдики экенин тактап чыгабыз. Ушул жылдын аягына чейин инвентаризация аягына чыгат. Бул ошондон чыгып жаткан ызы-чуулар. Мунун баары бийликтеги атуулдар чогулуп алып, элди караңгы, алдайбыз" деген аракеттеринен чыгып жатат. Биз мунун баарын токтотобуз".


Өткөн айда иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү тилкелерди бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы айтылган. Бул сюжетте аты аталган айрым мурдагы жетекчилер дооматтарды четке каккан.

Башкы прокуратура бул материалдын негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдап, көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурган.

Бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG