Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Акылбек Жапаров: "Жетим-Тоо" боюнча чет өлкөлүк адистер иштеп жатат (видео)


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде "Азаттыкка" курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирди. Учурда буга байланыштуу Кыргызстанга чет өлкөдөн адистер келгенин маалымдады.

"Жетим-Тоо эки миллиард долларга чейин киреше берчү кен. Биз чийки затты сатпай, метал чыгарган завод да куралы деп жатабыз. Теңгиз Бөлтүрүктүн чакыруусу менен чет өлкөдөн 15-20 жакын адис келди, алар бизнес долбоорлорду даярдап жатат", -деди Жапаров.

Буга чейин Жетим-Тоо төрт миллиард долларга чейин киреше бериши мүмкүн экени маалымдалган.

Февраль айында "Улуу көчмөндөр мурасынын" башчысы болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган жана кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Улуттук холдингдин уставдык капиталы 10-15 миллиард сомдун тегерегинде болору, президенттин катышуусунда 282 млн. доллардан турган бюджети бекитилгени айтылган.

Мамлекеттик компанияга чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жүргөн жаш кадрлар, менежерлер тартылганы айтылганы менен алардын аты-жөнү азыркыга ачыкка чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG