Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Атамбаев соттук отурумда айнек тосмону тепкиледи


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылды.

8-апрелде 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда үч грыжасы бар экенин, отура албай турганын айтып айнек тосмону тепкиледи.

"Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле мени, бирок мени кыйнап, шылдыңдоону токтоткула", - деди Атамбаев.

Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти.

Буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, аны "Тез жардам" унаасы алып кеткен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге "Батукаев иши", Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү деген айыптар тагылган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG