Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

ӨКМ кар көчкү жана сел коркунучун эскертти


Лейлек районундагы сел алган үй, 2-май, 2020-жыл.
Лейлек районундагы сел алган үй, 2-май, 2020-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-апрелден 10-апрелге чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суу кириши мүмкүн экенин билдирди. Министрлик тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучун эскертти.

Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым участокторунда (Төө-Ашуу, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гөө ашуусу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чон-Ашуу ашуусусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Соңку бир аптада күн катуу ысып, абанын температурасы 30 градуска чейин жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG