Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

Соңку бир күндө коронавирус бир адамдан аныкталды

KYRGYZSTAN-HEALTH-VIRUS - COVID-19 - Omicron The doctors of the mobile team are preparing to leave for patients on January 21, 2022. The number of patients with coronavirus infections caused by the Omicron variant has increased in Kyrgyzstan.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 8-апрелге карата өлкөдө оору жуккандардын саны 200 969 адамга жетти. Коронавирустан 2991 бейтап каза болду.

Өткөн аптанын аягында ооругандар жана көз жумгандар катталган эмес.

Ушул тушта ооруканаларда 90дой адам жатат, алардын ичинен алты бейтаптын абалы өтө оор, дагы 29 бейтап орточо оор абалда. Үйлөрүндө 15 киши дарыланууда.

Мунун алдында Казакстан коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айынан бери жабык турган Кыргызстан менен чек арасын 11-апрелден тартып ачарын билдирген.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов эки тараптан жарандардан коронавирус инфекциясына байланыштуу ПЧР тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документи/паспорту талап кылынарын маалымдаган.

Буга чейин кыргыз жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана барып жаткан. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтүшөт.

XS
SM
MD
LG