Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту


Өзбекстандын чек арачылары. Архив сүрөт.
Өзбекстандын чек арачылары. Архив сүрөт.

Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жаткан Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапканы кабарланды. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун УКМКнын Чек ара кызматы ырастады.

Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон. Бир нече кыргыз жараны Өзбекстандын аймагына атчан жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр кирип барган деп айтылды. Өзбекстан тарап 4-апрель түнү белгисиз адамдар чек арадан мыйзамсыз товар алып кирип, кармоо учурунда качууга аракет кылып, мушташ чыкканын, окуяда экөөнө ок тийип, төрт киши качып кеткенин билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлү Асылкерим Ажиев "аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандарды издөө боюнча комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатканын" айтты. Алдын ала айтылган маалыматка караганда, аткезчилик менен ташылып бараткан жүктүн болжолдуу баасы 20 миң доллардын айланасында. Эки адамдын өмүрүн алган окуя боюнча Кыргызстан да, Өзбекстан да кылмыш иши козгоп, өз алдынча иликтемей болду.

"Буга чейин айыл тургундарына эскертилген"

Дейрес айылынын башчы Камбар Кулмурзаевдин ырастагандай, октон каза тапкандар бир туугандар болгон.

"Сөөктөр 5-апрелде Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Кербенде экспертизадан өтүп, тиешелүү тергөө иштеринен кийин айылга алып келдик. Булар бир туугандар эле. Бирөөсүнүн беш, экинчисинин бир баласы жетим калды. Айылдын четиндеги чоң жарлардын бир чети тикен зым менен тосулбай, ачык калган экен. Ошол жерден алып өтүп жатышыптыр да. Буга чейин айыл тургундарына бир нече эскертилип, түшүндүрүлгөн. Билинбей калат дешсе керек. Шериктери ким экени белгисиз. Мен билишимче дары-дармек, чаң соргуч, үй буюмдары бар экен”.

Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп өсүп, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Аксы районунун акими Замирбек Сыдыковдун айтымында, "аларда Өзбекстандын дагы паспорту болгон".

"Экөөнүн тең эки паспорту бар экен. 2012-жылы Дейрес айылына келип, паспорт алып жашап калышкан. Өзбекстандын да паспортун тапшырышкан эмес. Анан ошол аймактарда анча-мынча тактала элек чек аралар бар. Кээ бир жерлерде тикен зым тосмолонбогон жерлер бар. Ошол участоктор аркылуу мыйзамсыз жүк ташып, Өзбекстанда да ушундай топтор менен тыгыз иштешип турушчу экен. Өзбекстандын чек арачыларына кармалган учурда чыр чыгып, ок атылыптыр. Эки жарым чакырым чек арабыз толук тактала элек, он жети чакырымдай тосмолонбогон чек арабыз бар. Өзбекстанга аткезчилик менен мал, айыл чарба продукциялары, турмуш тириликке зарыл оокаттар кирип калат. Алардан да бизде көп керектелчү оокаттар чыгарганга аракет кылышат. Сезонго карап мурда соода-сатык кылып келишкендиктен дагы да ошол алакаларын ара чолодо жасай койгондор бар”.

Мыйзамсыз соодага түрткөн жагдай

Ушул эле күнү Кадамжай районунун аймагынан Өзбекстанга аткезчилик менен кирип бараткан эки чоң жүк тарткан унаа дан азыктары менен кармалды. Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда дагы аткезчилик жүктөр кармалган учурлар көп. Муну эксперттер кошуна өлкөлөр ортосундагы ийкемдүү жана ыңгайлуу эрежеге салынган соода алакалары жок экени менен түшүндүрөт.

Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан үч өлкө ортосунда өз ара соода алакасы жакшы жолго коюлган эмес. Чек ара тактоо маселесинен улам Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда ажырым күчөдү. Ал эми расмий Ташкент соңку мезгилде тышкы саясатынын негизги багытын Борбор Азиядагы кошуналарына буруп, кызматташтыкка артыкчылык берерин жарыялап келүүдө. Ошол себептүү кыргыз-өзбек чек арасындагы мындан беш-алты жыл мурункудай чыңалган кырдаал дээрлик жоюлду.

Бирок соода мамилесинде тоскооолдуктар көп дейт чек ара чырларын иликтеп жүргөн Баткендин мурдагы акими Хаитали Айкынов.

“Бизде Кыргызстан ЕАЭБге кирип алган, кошуналарыбыз ал биримдикте жок. Эрежелер ар түрдүү, тескерисинче, аймактагы кошуна өлкөлөр элге ыңгайлуу, ийкемдүү эрежелерди, талаптарды кабыл алса, мыйзамсыз жүк ташуу болмок эмес. Мыйзамдуу жүк ташуу өтө ыңгайсыз. Ошондон улам аткезчилик ушунчалык көбөйүп кеткен деп айтсак болот. Бул көрүнүштөн жыйынтык чыгарып, маселени чечүү зарыл. Мындай терс көрүнүштөр кайталана бериши мамилелерге да таасирин тийгизет”.

Кыргыз-өзбек чек арасында буга чейин дагы аткезчилик жана чек араны мыйзамсыз кесип өттү деп курал колдонулган учурлар көп катталган. Аткезчилик менен соода кылуу эки өлкө ортосундагы тактала элек чек ара тилкелеринде, көбүнесе калктуу аймактар аркылуу өткөн транзиттик жолдордо болот деп айтылып жүрөт. Бир учурларда Өзбекстан Кыргызстан менен чектеш тилкелерине аңдарды казып, дал ушул аткезчиликке жол бербөө максаты менен чек араларын катуу кайтарууга алган эле.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабык турду. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тарта гана ал бекеттер кайра ачыла баштады.

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларында жабык турган өткөрмө бекеттерин ачууну сунуштаган эле. Ал буга байланыштуу Жалал-Абад облусундагы эки бекетти айткан.

"Коңшу Өзбекстан Кыргызстан менен абдан жакшы мамиле түзүп келе жатат. Эки эл жакшынакай карым-катнашта болушу үчүн биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Сузак районунда Бек-Абад деген бекет бар. Ошол бекетти Өзбекстан тараптан ачууга даяр. Аксы районунда "Нанай" деген бекетти дагы Өзбекстан тарап ачканга даяр. Биз жактан тоскоолдук болуп жатат, ошол бекеттер ачылбай жатат. 2020-жылы Кыргызстанга чет мамлекеттен 2 миллион 200 миң адам кирген болсо ошонун 68% Өзбекстандан келген. Бекеттер ачылса, туризм дагы өнүгөт. Фергана өрөөнүндө 11 миллион калк жашайт".

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG