Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Чек арада октон каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга өткөрүлүп берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта октон каза болгон эки жарандын сөөгү "Маданият –авто жол” өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, аткезчилик жол менен жүк ташууга аракет кылган жана окуяга тиешеси бар башка адамдарды издөө иши уланып жатат.

Маалыматта каза болгон эки жаран Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Дейрес айылынын тургундары экени жана чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин айтылат.

Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун Чек ара кызматы билдирди.

Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп-өскөнү, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы, өзбек паспортун да сактап жүрүшкөнү буга чейин кабарланган.

Кыргыз тарап өзбек аскерлеринин сөзүнө таянып билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында бир нече кыргыз жараны атчан Өзбекстандын аймагына жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр киргени аныкталган. Кошуна өлкөнүн чек арачылары алар токтотуу талабына баш ийбегенин, кармоо учурунда чыр чыкканын айтышкан.

Өзбек чек арачылары алар жалпы суммасы 20 миң АКШ долларынан ашык жүктү аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылганын маалымдаган.

Окуя болгон жерде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугуп, кырдаалды талкуулады. Жыйынтыгында ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду.

Өзбекстан азырынча расмий маалымат тарата элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG