Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяда ок атылып, эки киши каза болду


Кыргыз-өзбек чек арасындагы жазуу. Аксы району. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жазуу. Аксы району. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта эки адам көз жумду. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп өскөнү, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы, өзбек паспортун да сактап жүрүшкөнү кабарланды.

Кыргыз тарап өзбек аскерлеринин сөзүнө таянып билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында бир нече кыргыз жараны атчан Өзбекстандын аймагына жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр киргени аныкталган. Кошуна өлкөнүн чек арачылары алар токтотуу талабына баш ийбей койгонун, кармоо учурунда чыр чыкканын маалымдашкан.

"Өзбек чек арачылары өз өмүрүн жана саламаттыгын сактап калуу үчүн курал колдонуп, эки жаран каза болгон. Калгандары Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн", - деп айтылат Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында.

Өзбек чек арачылары алар жалпы суммасы 20 000 АКШ долларынан ашык жүктү аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылышканын айтышкан.

Окуя болгон жерде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугуп, кырдаалды талкуулашты. Жыйынтыгында ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду.

Жалал-Абад облустук администрациясы каза болгон жарандардын сөөгү Маданият өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга алып келинерин кабарлады.

Өзбекстан азырынча расмий маалымат тарата элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG