Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:34

Жасалма диплом: тизмеге министр жана мэр кошулду


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жасалма дипломдорду, кош жарандуулуктукту аныктоо өнөктүгү тууралуу соңку маалыматтарды берди.

Бирок тизмедеги адамдардын аты-жөнүн дагы деле жарыялай элек. Анда жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек саналгандардын катарына министр, президенттин облустагы өкүлү, эки мэр баштаган адамдар кошулган.

Өткөн айда атайын кызмат жогорку билими тууралуу жасалма документ алып жүрөт деп шек саналгандардын арасында "Бүтүн Кыргызстан "партиясынын тизмеси менен шайлоого барган кээ бир талапкерлер бар экенин айтып, аты-жөнүн жарыялаган.

Мындан улам бул өнөктүктү кош стандарт, саясий куугунтук катары сыпаттагандар болгон.

Атайын кызмат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдорун, жарандыгын текшерүү уланып жатканын билдирди. Бул өнөктүктүн алкагында эки айдын аралыгында катталган учурларды жарыялады.

Бул жолку тизмеге Жогорку Кеңештин үч депутаты менен бир гана судья кирген. Өткөн айда болсо УКМК төрт депутат менен эки судья жасалма диплом алган деп шек саналып жатканын билдирген жана учурда алардын саны азайганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Андан сырткары парламенттин эки экс-депутаты, тогуз депутаттыкка талапкер бар. Ошондой эле бир министр, облустагы президенттин ыйгарым укуктуу бир өкүлү кошулган.

Тизмеде шаардык, айылдык кеңештердин депутаттары, дээрлик бардык министрлик-органдарда, муниципалдык кызматтарда иштеген ондогон адам бар. УКМК мыйзамсыз иштерге шек саналып жаткандардын аты-жөнүн жарыялай элек.

"Кесиптик окуу жайларда окубаган адамдарга дипломдорду мыйзамсыз берүү, колледжде мыйзамсыз окутуу жана диплом берүү, жогорку окуу жайлардын биринин дипломун мыйзамсыз берүү, чет өлкөлүк жарандарга орто билими тууралуу аттестаттын мыйзамсыз берилиши боюнча коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары да текшерилүүдө. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, эки адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Ал эми 28 мамлекеттик кызматкердин чет өлкөлүк жарандыгы бар же жоктугу текшерүүгө алынды. Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20 кылмыш иши тергелип, 52 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр, 141 материал боюнча алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүүдө",- деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

УКМК жасалма диплому бар кызматкерлерди өз эрки менен жумушун тапшырууга чакырган.

Апта башында президент Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевди кызматынан алып, өзүнө коомдук башталгычтагы кеңешчи кылып дайындаган. Мунун алдында социалдык тармактарда анын диплому жасалма экени тууралуу маалыматтар чыккан. Эркин Тентишев болсо муну жалганга чыгарган.

Эркин Тентишев.
Эркин Тентишев.

"Ал менин Советтер Союзу убагында алган дипломум. Мен күндүзгү бөлүмдө окугам, кантип жасалма болот? Биринчиден, ден соолукка байланыштуу, экинчиден, башка ишке өткөнүмө байланыштуу кызматтан кеттим".

Айрым маалыматтарга караганда, Тентишевдин Эл аралык университет менен Дипломатиялык академиянын дагы дипломдору бар. Ал бул документтерге байланыштуу комментарий берген жок.

Жасалма дипломдорго байланыштуу жагдай парламентте көтөрүлгөн жана айрым депутаттар атайын кызматтан бул иштерге шек саналган эл өкүлдөрүнүн аты-жөнүн ачык жарыялоону талап кылган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов прокуратурага протоколдук тапшырма дагы берген. Бирок анын жообу азыркыга чейин келе электиги белгилүү болду.


Депутат Эмил Токтошев эл өкүлдөрүнүн аты аталбай жаткан жагдайга токтолду.

"Албетте, бул бизге деле кызык. Ысымдарын атабай эле төрт депутат деп жазып жатышпайбы. Текшерсе баарын текшерип, ошону менен чекит коюлушу керек. Бизде жасалма диплом алып жүргөндөр бар, ошого бөгөт коюлушу керек. Диплом саткандар дагы, сатып алгандар дагы ойлонуп, сабак болгудай болушу керек".

УКМК өткөн айда Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган айрым депутаттарды "жасалма дипломдорду аныктоо өнөктүгүнө шек келтирип жатат" деп айыптаган.

Ошондой эле мындай иштерге шек саналгандардын арасында аталган партиянын тизмеси менен шайлоого барган кээ бир талапкерлер бар экенин айтып, аты-жөнүн жарыялаган.


Талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, бул өнөктүк саясатташып кетти.

"Жасалма диплом алгандар көп эле. Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылыштарынын депутаттарынын деле дипломдору жасалма болуп чыгып калып жатпады беле. Бул саясий өнөктүккө окшогондой болуп жатат. Себеби, кээ бир учурларда аягына чыкпай эле калып жатпайбы. Баланчаныкы, түкүнчөнүкү диплому жасалма экен деп эле, анын аягы эмне менен бүткөнү билинбей калып жатпайбы. Бул өнөктүктү Билим берүү министрлигине тапшырып, ошолор эле жасаса болот. 2014-2015-жылдары Коргоо кеңешинин чечими менен жалган диплом алган молдолор, имамдар, дин кызматкерлери көп деген маселе боюнча комиссия иштеген. Ошондо бир топ дин кызматкерлеринин дипломдору жасалма болуп чыккан. Башкы прокуратурага ошолорго диплом берген ректорлордун жоопкерчилиги каралсын деген тапшырма берилген. Сөгүш берүү өңдүү чаралар көрүлгөнү менен ошол адамдардын дипломдору жокко чыгарылган жок. Кайра эле муфтиятта иштеп эле жүрөт. Жасалма диплом берүү токтоп деле калган жок да. Кош стандарттуулук болуп жатканы көрүнүп эле турат. Негизи дипломдорду текшерүү керек, бул жерде талаш жок. Текшерилип, жазаларын алышы керек. Бирок жасалма диплом бергендер кандай жаза колдонулганы белгисиз эле бойдон калып жатпайбы".

Өткөн айда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракка чакырылып жүргөн мугалим асынып алганы белгилүү болгон жана бул окуядан улам коомчулукта талаш-талкуу күчөгөн.


Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова жасалма дипломдорду аныктоо аракеттеринин укуктук жагына токтолду.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Жасалма документке байланыштуу, албетте, мыйзамда жаза каралган. Бирок жоопкерчилик ошол документти алган адамга каралган эмес, ал бул иште шерик катары барышы мүмкүн. Бул жаза ошол документти жасаган адамдарга каралган. Кочкордогу маркум мугалимге карата "сен жазаланасың, 10 миллион сом айып пул төлөйсүң" деген сөздөр жамааттын көзүнчө айтылган экен. Анын жакындарынын, кыздарынын айтымында, ага ушул сөз катуу тийген. Мыйзамда андай нерсе каралган эмес. Бул каяктан чыкканын билбейм. Муну кечээ дагы айтып жатышат. Азыр эми мамлекетке чыгымдын баарын төлөп бересиңер деп жатпайбы. Мыйзамда андай нерсе жок. Бул жерде эң негизги күнөөлүүлөр - бул ошол кишинин дипломун текшербей ишке алгандар, ошол кишиге жасалма диплом бергендер. Мен мугалим катары айтайын, эми окууга келбей, анын окуусун башкалар бүтүргөн, диплом алган учурлар көп. Айрыкча сырттан окугандардын 60-70% ушундай жол менен диплом алган. Орозайым Нарматованы дагы ушинтип текшерип жатышпайбы. "Сабакка келген эмессиң, демек сенин дипломуң жасалма" деп атышат. Ал ошол окуу жайдын өзүнүн проблемасы, кемчилиги. Бул жерде ошол окуу жайды толугу менен аудиттен өткөрүш керек. Ошондой шылуундукка барып жаткан мугалимдерди жоопко тартыш керек. Окуу жайы өзү ошондойго жол берип жатса, сапаттуу билим бербесе, бирок иштеген жеринен диплом талап кылып жатса, көп адамдар ушуга барып жатат да. Азыр эми кандай кылып, кандай критерий менен текшерип жатканы белгисиз болуп жатпайбы. Ошол жерде окуганы аныкпы же диплому чынында эле жасалма жол менен даярдалган диплом алганбы деген суроого жооп бериши керек да. Айрым бир учурлардын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазага тарта албайт".

Жасалма дипломдорду аныктоо өнөктүгү январь айынын аягында башталган жана ушул айдын этегинде соңуна чыгышы керек.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бул иштерди саясий куугунтук менен байланыштыргандарды сынга алды.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Саясий куугунтук деп кайсы негизге таянып айтууга болот? Мисалы, кандай комиссия келсе дагы мен дипломумду беш жыл окуп алганымды далилдеп бере алам. Анан "жок, мунун диплому жасалма" деп мени кантип куугунтукташы мүмкүн? Куугунтук деп айтып жаткандардын эч бирин түшүнбөйм. Жасалма дипломго байланыштуу өнөктүктү бийлик куугунтукка алып жатат деген сөздүн өзү - ошол күнөөсүн жаба албагандардын эле ойлоп чыгарган фантазиясы. Андай болушу мүмкүн эмес. Кош стандартуулукту эми ошол текшерип жаткандардын абийирине коёлу. Бирок бул жерде кош стандартуулукка жол берилишинин өзү деле татаал маселе. Бирөөнү көрмөксөн болот, бирөөнү көрөт деген сөздөр туура эмес. Мына, мисалы кээ бирлери өзү эле арыз жазып кетип калып жатыптыр".


УКМК бул өнөктүктүн алкагында бир катар жогорку окуу жайлар текшерилип жатканын кабарлаган. Анда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин атынан 28 жасалма диплом берүү фактысы катталып, сап башына чыккан. Аталган окуу жайдын жетекчилери дооматтарды четке каккан.

Кыргызстанда буга чейин дагы жогорку кызматта отурган адамдардын диплому жасалма экени тууралуу маалыматтары чыккан. Айрым депутаттардын кош жарандыгы аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG