Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Масалиев Нарматованы мандатынан ажыратуунун мыйзамдуулугун карап чыгууну сунуштады


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кесиптеши Орозайым Нарматованы мандаттан ажыраткан чечимдин мыйзамдуулугун кароону сунуштады.

Бул тууралуу Масалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин 25-январдагы жыйынында билдирди.

"Жакында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кесиптешибиз Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Конституциянын 79-беренесинин 2-пунктунда 11 учурда гана депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча так жазылган. Анда диплом туура, туура эмес деген негиз жок. Ушул маселе боюнча козголгон кылмыш иши бүтө электе, сотко жете электе эле БШК Билим берүү министрлигинин чечиминин негизинде токтом кабыл алып жатат. Комитеттерде 82-беренеге ылайык мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө укугу бар", - деди Масалиев.

Эл өкүлү Нарматованын мандатына байланыштуу маселени кароо тууралуу кайрылуу парламент төрагасына бериле турганын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Мындай чечимге анын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Орозайым Нарматова диплом чырын саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат. Ал бул иш боюнча УКМКда сурак берип чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG