Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарык бере баштады


Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, аймактарга өз алдынча жарык бере баштады. Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова Чүй менен Жалал-Абад облустарына электр энергиясы берилгенин "Фейсбук" баракчасына жазды. Бишкектин бир бөлүгүнө жарык берилди.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов энергетиктер бир же бир жарым саатта Бишкекте, андан кийин башка аймактарда электрди калыбына келтирүүнү убадалап жатышканын, авария Кыргызстандын аймагында болбогонун "Твиттердеги" баракчасына жазган.

Энергетика министрлиги Кыргызстандагы Жылуулук Электр Борбору, ГироЭлектр станцияларында авария болбогонун кабарлады.

25-январда түшкө маал Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн, "Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире" турганын билдирди.

Социалдык тармактарда Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында электр энергиясы, анын артынан Бишкек, Ошто суу дагы өчкөнүн жазып жатышат.

Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Кургакчылыктан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, өлкөдө энергетикалык таңкыстык жаралды. Кыргызстан жылына болжол менен 15 млрд. кВт/саат электр жарыгын керектейт.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG