Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Башкы прокуратура Бажы кызматы мамлекетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин билдирди


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык схеманы аныктады. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке 170 миллион сомдон ашык зыян келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

"2019-жылы бажы кызматкерлери үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинген жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды жеңилдетилген тариф менен каттап, ЕАЭБдин мыйзамдарын одоно бузган. Бул иштер жеке пайда көрүү максатында ишке ашып келген", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Өткөн аптада УКМК Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап 17-январда кармаган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камакка алынган. УКМКнын маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кубанычбеков бул кызматка былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Адилет Кубанычбековдун тарапташтары ал күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына бошотуу талабын коюшкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG