Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Авариядан улам Кыргызстан боюнча электр энергиясы өчтү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын бир топ аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.

“Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз”, - деди министрликтин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова.

Социалдык тармактарда Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында электр энергиясы өчкөнүн жазышууда.

Казакстан менен Өзбекстандын ЖМКлары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Былтыр 2-июлда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) трансформатор өчүп, бир нече кабелдик линиялардын иши токтогон. Буга байланыштуу шаардын чыгыш тарабындагы кичирайондордо жарык өчкөн.

Кургакчылыктан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, өлкөдө энергетикалык таңкыстык жаралды. Кыргызстан жылына болжол менен 15 млрд. кВт/саат электр жарыгын керектейт.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт. Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG