Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Кадыров коркуткан чечен соту Орусиядан чыгып кетти


Чеченстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Саиди Янгулбаев.
Чеченстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Саиди Янгулбаев.

Чеченстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Саиди Янгулбаев жубайы Новгороддон кармалган соң кызы Алия Янгулбаева менен Орусиядан чыгып кетти.

Бул тууралуу кыйноолорго каршы комитеттин юристи Сергей Бабинец билдирди. Янгулбаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун анын өзүн жана үй-бүлөсүн коркутканы себеп болду.

Янгулбаев Кадыровдун каарына калганда

Чеченстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Саиди Янгулбаев Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго видео кайрылуу жазып, жубайынын уурдалганын тастыктады. Андан соң ал кызын алып, Орусиядан чыгып кеткени белгилүү болду.

Саиди Янгулбаев президент Путиндин жарлыгы менен сот болуп, бирок Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен келишпестиктин айынан кызматтан кетип, Грозныйдан Новгородго көчүп кеткен.

Чечен полициясы Новгородго барып, Янгулбаевдердин батиринен жубайы Зарема Мусаеваны кармап кеткен. Бул тууралуу кыйноолорго каршы комитеттин юристи Сергей Бабинец билдирди.

"Федералдык судья Саиди Янгулбаев жашаган батирге чеченче сүйлөгөн, беткапчан жана куралдуу адамдар кирип келишти. Алар өздөрүн Чечен республикасынын полиция кызматкерлери деп тааныштырышты. Башында алар жай сүйлөшүп туруп, бир учурда эле эшикти түртүп кирип барып, Зарема Мусаеваны уруп, адвокатты бетке согушту. Мени дагы бир нече ирет коюп, бардыгыбызды бир бөлмөгө киргизип, оозго алгыс сөздөрдү айтып, Саиди Янгулбаевдин өзүн да токмоктошту. Анан Зарема Мусаеваны алып чыгып кетишти. Анын өмүрү менен саламаттыгы коркунучта деген ойдобуз", - деди Сергей Бабинец.

Мурдагы судья Саиди Янгулбаев менен жубайы Зарема Мусаеваны күч менен Грозныйга алып келип, алдамчылык боюнча күбө катары суракка чакыруу кагазы болгон. Саиди Янгулбаевдин сот макамы болгондуктан анын жубайы гана кармалган. Зарема Мусаевага эмне болгонун жакындары билише элек.

Янгулбаевдерди коркуткан пост

Ал эми Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Телеграмга Янгулбаевдердин үй-бүлөсүн коркуткан пост жазды:

"Янгулбаевдердин ар бири ыплас Telegram-каналынын карансанатай жазмаларына колдорун булгаган. Бул үй-бүлөдө абийир, ар-намыс деген түшүнүк жок. Эмнеси болсо да, мен бул үй-бүлөнү түрмөдө же жер астында орун күтүп жатканын билдирем. Жок эле дегенде бир чечен тирүү болсо да, бул үй-бүлө мүчөлөрү мындан ары эркин жашай алышпайт", - деп жазды Рамзан Кадыров.

Рамзан Кадыров Янгулбаевдердин үй-бүлөсү оппозициялык Telegram каналын ачууга аралашкан деп шек санап жатат. Ал Янгулбаевдердин үй-бүлөсүн террорчулардын жактоочулары деп жарыялап, анын уулдары Түркияда чечен коопсуздук органынын мурдагы кызматкерине кол салуу уюштурган деп айыптады.

Песков: бул фантастика

Орусиянын президентинин басма соз катчысы Дмитрий Песков мурдагы судьянын жубайынын уурдалышы тууралуу маалыматты "фантастика" деп атады:

"Бул жалпы жонунан фантастикалык окуя. Биз далили жок, мындай кабарларга ишенбөөнү туура көрөбүз. Анткени биз азил-чыны аралаш заманда жашап жатабыз. Ким гана болбосун, аны уурдоо тууралуу сөз болсо, анда кимдир бирөө полицияга арыз берет. Полиция анан иштеп баштайт", - деди Песков.

Федералдык сот макамы алына элек Чеченстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Саиди Янгулбаев Орусиядан чыгып кетердин алдында Песковго кайрылуу жасады:

"Урматтуу президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, мен чечен республикасынын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Саиди Янгулбаев сизге кайрылып жатам. Анткени Сиз менин жубайым Зарема Мусаеваны уурдоо окуясын "фантастика" деп атадыңыз. Бирок мен жубайым Зарема Мусаеваны укук коргоо органдарынын кызматкерлери уурдап кеткенин тастыктайм. Алардын арасынан бирөө гана күбөлүгүн араң көрсөттү. Анан жубайымды белгисиз жакка, менимче, Чеченстанга алып кетишти", - деди Янгулбаев.

Рамзан Кадыров Telegram-каналына аларды мыйзам боюнча жазага тартуу керектигин айтып, каршылык көрсөтүлсө, анда Янгулбаевдерди террорчулардын шериги катары жок кылгыла деген буйрук берген.

Апасы Грозныйга алынып келинген мурдагы соттун уулу Абубакир Янгулбаев "Дождь" басылмасында Кадыровдун сөзүн четке кагып, Чеченстандын башчысын кызматтан алууну өтүнүп, президент Владимир Путинге кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG