Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Баткенде чек арадагы өзгөчө макам алган айылдардын тизмеси бекитилди


Чек арадагы Көк-Таш айылынын тургундары. Куралдуу жанжал башталганда коопсузга жайга чыгуу учуру. 29-апрель 2021-жыл
Чек арадагы Көк-Таш айылынын тургундары. Куралдуу жанжал башталганда коопсузга жайга чыгуу учуру. 29-апрель 2021-жыл

Баткен облусундагы чек арага чектеш өзгөчө макам алган 62 айылдын тизмеси бекитилгенин президенттин Баткен облусундагы ыйнарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жарыялады.

Өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактары кыргыз өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомунун негизинде кабыл алынган.

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан айылдарда жашаган социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралып жатканы кабарланган.

“Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга өткөн жылы сентябрда президент кол койгон. Мыйзамга ылайык аймак калкына салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарттар түзүү каралган.

Баткен облусунун тургундары кыргыз-тажик чек арасын тактоону тездетүү жана жумуш орундарын түзүү менен миграциянын агымын кыскартууну башкы маселе деп айтып келет.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин айынан чек арада чыр-чатак байма-бай катталып келет. 2021-жылы жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG