Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 412 жаңы учур катталды


25-январга карата Кыргызстанда коронавирус 412 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (242).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 196 миңден ашты, 2854 бейтап каза болду.

Ушул күндөрү 1139 бейтап ооруканаларда, 6709 адам үйүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун "омикрон" штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирип, бир катар орто мектеп онлайн форматта окууга өттү.

Өлкөдө вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго жетти. Министрлик жашы алтымыштан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген. Үчүнчү доза менен эмдөө 2021-жылдын 20-декабрында башталган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG