Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Бир жумада коронавирустан 18 адам каза болду


Расмий маалыматтарга караганда, каза болгондордун баары эмделген эмес.
Расмий маалыматтарга караганда, каза болгондордун баары эмделген эмес.

18-январдан 24-январга чейин коронавирустан 18 киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, мурдагы жумаларга салыштырмалуу COVID-19 вирусунан каза болгондор акыркы күндөрү төрт эсе жогорулады.

15 адам Бишкекте, Талас, Ысык-Көл, Баткен облустарында бирден киши көз жумду. Ош шаары, Ош облусу, Чүй, Нарын жана Жалал-Абадда өткөн жумадан бери өлүм каттала элек.

Расмий маалыматтарга караганда, каза болгондордун баары эмделген эмес. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2851 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 426 адамдан табылды.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 195 820. Азыр ооруканада 1176 адам жатат, дагы 6780 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 183 517 киши. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG