Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Байден Европанын лидерлери менен украин чегиндеги кырдаалды талкуулайт


АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 24-январдын кечинде Европанын лидерлери менен видео конференция аркылуу сүйлөшүп, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну талкуулаганы жатат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Байден менен Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель, немис канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Марио Драги, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Польшанын президенти Анжей Дуда жана британ премьер-министри Борис Жонсон менен сүйлөшөт.

Мындай чукул сүйлөшүү Орусия менен Украинанын чек арасында кырдаал чыңалып турган учурда өткөнү жатат. Батыш өлкөлөрү Москва украин чегине жакын аймакта 100 миңдей аскерин топтоп турганын, жакын арада Украинага басып кириши мүмкүндүгүн эскертип жатат.

Орусия аскердик операцияга даярдык көргөнүн четке кагып жатат. Ошол эле учурда Москва НАТОдон Украинаны аскердик альянска мүчө катары кабыл албоону талап кылып келет.

Мындай чыңалууну улай Улуу Британия менен АКШ Киевдеги айрым дипломаттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Украинадан чыгарып кетерин жарыялашты. Украинанын Тышкы иштер министрлиги АКШнын чечимин «ашыкча этияттык» деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG