Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Талибдер тынч митингдерге жана журналисттерге куугунтукту күчөттү


Ооган аялдары милдеттүү хижаб кийүү чечимине каршы митингке чыгышты.
Ооган аялдары милдеттүү хижаб кийүү чечимине каршы митингке чыгышты.

Ооганстанда талибдер хижаб кийүүгө каршы тынч митингдерди кууп таратып, журналисттерге кол сала баштады.

Өткөн аптада Кабулдагы үйүндө ооган журналистине ырайымсыз кол салуу болду. Андан ары карай талибдер үймө-үй кыдырып, аялдардын укугун коргогон митингдердин уюштуруучуларын издеп, эки демонстрантты камакка алганы кабарланды. Ошол эле кезде Ослодо Ооганстандагы гуманитардык кризис жана адам укуктары боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

Акивисттерди түн ката издеген талибдер

Өткөн аптада Ооганстандын борбору Кабулда аялдарды милдеттүү түрдө хижаб кийүүгө мажбурлаган “Талибан” өкмөтүнүн чечимине каршы митингке чыккандар күч менен кууп таркатылды. Андан ары талибдер ал нааразылык акциясына катышкандарды үймө-үй издеп таап, кармап, камакка алганы кабарланды.

Активисттер Тамана Заряби Паряни менен Парвана Ибрахимхелди 22-январга караган түнү “Талибандын” чалгын кызматы кармаганы айтылды. Түнү үйгө келген күтүүсүз коноктордон коркуп, жардам сураган Тамана Парянинин видеосу соцтармактарга тарады.

"Суранам, жардам бериңиздер! Биздин үйгө талибдер бастырып келишти. Үйдө эжемдер гана бар. Токтот. Токтоткула! Биз азыр эшикти ача албайбыз. Сөзүңөр болсо эртең келгиле. Азыр түн. Биз жалаң кыздарбыз. Коркуп жатабыз. Жардам, жардам бергиле. Дарбазаны бузуп, үйгө кирип келе жатышат", - дейт анда активист Тамана Паряни.

Өз үйүнөн 3 эжеси менен камалган Тамана Паряни, кийин кармалган башка бир активист Парвана Ибрахимхел Кабулда 16-январдагы хижаб кийүүгө каршы демонстрацияга катышкан. Ал күнкү митингди талибдердин полициясы күч менен тараткан. Андан соң “Талибандын” күч түзүмдөрү митингди уюштургандардын артынан түшүп, көрүнүктүү активисттерди кармоого киришти.

Журналисттерге кол салуу

Ооганстанда талибдердин бийликке кайтып келиши менен сөз жана басма сөз эркиндигине коркунуч келтирилгени адам укугун коргоо уюмдарынын баяндамаларында белгиленди. Жарандык активисттер менен журналисттерге карата сырдуу кол салуулар күч алды.

Кабулда 20 жылдан бери журналист болуп иштеген Заки Каиси талибдер бийликке келгенден көп өтпөй Khawar телерадиокомпаниясынан кеткен. Өткөн 15-январда үйүнө белгисиз адамдар келип, дарбазасын такылдатып, жардам сураган. Эшик ачылганда Заки Каисиге кол салуу болуп, башынан жана мойнунан жаракат алды. Ал үйдүн дарбазасын жаба салып, кол салгандардан араң качып кутулган.

Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитетинин координатору Стивен Батлер 19-январда Ооганстандагы “Талибан” өкмөтүнө кайрылып, журналист Заки Каисиге кол салгандарды таап, жоопко тартууга чакырды.

Соңку аптадагы эркиндик үчүн демонстрациялардын бир катар катышуучулары да куралчан адамдар тарабынан сабалып, камакка алынганы белгилүү болду.

Аялдардын митингдерин чагылдырган кабарчылар да камалып, алардын коопсуздугу жана Ооганстандагы эркин маалымат каражаттарынын келечеги тууралуу кооптонуулар пайда болууда.

Ал ортодо Норвегияда “Талибандын” делегациясы менен Батыш дипломаттары жолугуп, Ооганстандагы гуманитардык кризисти жана адам укуктарын сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү Шафиулла Азам мурдагы ооган өкмөтүнүн активдерин камоодон чыгаруу талабын атады.

"Биз алардан ооган активдерин камоодон чыгарууну жана карапайым оогандарды саясий көз караш үчүн жазалабоону суранабыз. Алар экономикалык абалды саясий кырдаалдан айырмалап, жөнөкөй оогандарды курмандыкка чалбашы керек. Эл аралык коомчулук оогандарды саясий келишпестиктен жана 20 жылдык согуштан улам жазалабай, ачаарчылыктан жана оор кыштан коргой турган учур келди".

Ооганстандагы гуманитардык абал

Ослодо 15 кишиден турган ооган делегациясы менен АКШ, Франция, Британия, Германия, Норвегия, Италия сыяктуу Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн ортосунданы жолугушуу жабык өттү. Бул Ооганстанда бийликти “Талибан” басып алып, өлкөдө гуманитардык кризис курчугандан бери алгачкы расмий сүйлөшүү катары каралууда. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш Ооганстандагы абал гуманитардык апааттын чегине жеткенин билдирди.

Антонио Гуттереш. БУУнун баш катчысы.
Антонио Гуттереш. БУУнун баш катчысы.

"Биз ооган элине жардам берүүдө убакыт менен жарышуудабыз. Эки күн мурун Бириккен Улуттар Уюму бул өлкө үчүн тарыхтагы эң ири гуманитардык кайрылуу жасадык. Ал эми бул чакырыктын масштабы үмүтсүздүктүн масштабын чагылдырат. Башка балдарын тойгузуу үчүн ымыркайлар сатылууда. Ооруканалар үшүк алган жана ачка жаш балдарга толуп кеткен. Кишилер жылынуу үчүн бар мүлкүн өрттөп жатышат. Бүткүл өлкө боюнча жашоо каражаттары түгөндү".

1996-2001-жылдары Ооганстанда ырайымсыз башкаруусу менен атагы чыккан экстремисттик топ аялдардын иштөөсүнө жана кыздардын билим алуусуна тыюу салып, бийликке кайтып келгенден кийин ислам принциптерине каршы келбесе гана сөз эркиндигине жол берерин билдирген.

Бирок, аялдарга жана кыздарга карата чектөө чараларынын кайтарылышына, анын ичинде паранжа кийүүгө милдеттүү түрдө, аялдарды эркек тууганынын коомдук жайларга барганда коштоп жүрүүсүнө жана кыздардын билим алуусуна чектөө киргизүүгө каршы нааразылык акциялары көп учурда зордук-зомбулук менен коштолууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG