Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Талибдер түркмөн чек арачылары менен кагылышты


Ооган-түркмөн чек арасында талибдер менен түркмөн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду.

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен Жаузжан провинциясынын Хамяп районунун жашоочулары дүйшөмбү күнү түштөн кийин эки тараптан ракеталарды колдонгон куралдуу кагылышуу болгонун кабарлашты.

3-январда, күндүн экинчи жарымында ооган-түркмөн чек арасында "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) күчтөрү менен түркмөн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу тууралуу кабарды кийинчерээк ооган маалымат каражаттары да ырасташты.

Кабулдагы TOLOnews телеканалы жергиликтүү "Талибан" бийлигине таянып, тараткан маалыматына караганда, бул окуяга түркмөн чек арачыларынын талибдерге каршы ок чыгарганы себеп болду.

Талибдер окуя болгон жерге түркмөн чек арачылары бир жаранды атып өлтүрүп, экинчисин жарадар кылган окуяны иликтөө үчүн чек ара тилкесине барышканы айтылууда.

Чек ара тилкесиндеги ракеталык аткылоо

Мындан сырткары ооган-түркмөн чек арасындагы кагылышуу тууралуу орусиялык ТАСС агенттиги Жаузжан провинциясынын маалымат жана маданият бөлүмүнүн башчысы Хилал Балхиге шилтеме жасаган оогандык Hasht-e subh гезитине таянып жарыялады.

Анда "Талибандын" күчтөрү 3-январда окуяны териштирүү үчүн барып, түркмөн чек арачыларынын аткылоосуна кабылганын айткан Хилал Балхи жооп кайтаруу үчүн курал колдонулганын кошумчалады:

"Беш күн мурун чек арага жакын жерге келген Түркмөнстандын чек арачылары бир жаранды өлтүрүп, экинчисин сабашкан. Бул окуяны кийин иликтөөгө каршылык көрсөтүү болуп, жооп иретинде талиб жоочулары аларга ок чыгарган", - деп билдирди "Талибан" бийлигинин жергиликтүү өкүлү.

"Азаттыктын" түркмөн кызматына бул окуя тууралуу кайрылган жергиликтүү тургундардын айтымында, эки тараптын ортосундагы ок атышуу бир нече саатка созулган. Талибдер Түркмөнстандын аймагын көздөй бир нече ирет ракета менен аткылаганы айтылды.

Ооганстан менен Түркмөнстан чек арадагы бул куралдуу кагылыштын кесепетинен эки тараптан тең кандай жоготуулар болгону жана келтирилген зыян тууралуу маалымат берише элек.

Түркмөн бийлиги үн ката элек

Түркмөн өкмөтү деги эле ооган чек арасындагы ок атышуу тууралуу расмий түрдө комментарий бере элек. Тышкы иштер министрлигине комментарий сурап кайрылган кабарчылардын аракетинен майнап чыккан эмес. Ооганстандын Жаузжан провинциясында болгон кагылышуулардын чыныгы чоо-жайы белгисиз бойдон калууда.

Аймактык коопсуздук боюнча эксперт Рустам Бурнашев Борбор Азияда соңку чакырыктарга каршы бирдиктүү турум жоктугун айтты:

Рустам Бурнашев.
Рустам Бурнашев.

"Борбор Азия Ооганстанда кырдаалдын чукул өзгөрүүсү сыяктуу чакырыктарга туш болду. Бирок биз Борбор Азия өлкөлөрүндө ал окуяларга карата кандайдыр бир жамааттык реакция болбогонун көрдүк. Чөлкөмдөгү ар бир өлкө башчысынын билдирүүлөрү гана болду. Бирок, бирдиктүү жамааттык позиция иштелип чыккан жок. Ооганстан боюнча ар бир өлкөнүн өзүнчө туруму бар. Кээ бирлериники окшош. Тажикстан болсо бардыгынан айырмаланып, “Талибан” өкмөтүн кабыл албаган катуу позициясы бар экенин айтты. Кандайдыр бир биргелешкен позицияга келүү боюнча кандайдыр бир көрсөтмө жок".

"Азаттыктын" түркмөн кызматына 29-декабрда жергиликтүү тургундун өлтүрүлүшү боюнча маалымат келип түшкөн. Бирок ага башка булактардан дагы жетиштүү ырастоо болбогондуктан, маалымат жарыяланган эмес.

Хамяптын тургундарынын айтымында, 29-декабрда каза болгон Абдулкерим Ооганстандын түркмөн тектүү жараны экени белгилүү. Аны түркмөн чек арачылары атып кеткени айтылган. Ал учурда дагы Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен комментарий болгон эмес.

Чек арадагы соңку окуя өткөн жылы 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан бери түркмөн аскерлери менен талибдердин ортосундагы алгачкы куралдуу кагылышуу.

Бирок ага чейин Түркмөнстанга чектеш жерлерде чек арачылар менен куралдуу топтордун ортосунда кагылыштар болуп келген.

Түркмөнстандын өкмөтү талибдердин лидерлери менен коңшу өлкөдө бийлик алмашканга чейин эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 800 чакырымды түзөт.

Өткөн декабрда чек ара чатагы боюнча талибдер чектеш аймактарда ирандык жана пакистандык аскер күчтөрү менен кагылышканы маалым.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG