Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 21:44

Ооганстандан чыга албай жаткан казактар


Казакстандын жарандыгын алган Шермамед Маханулы Ооганстандагы үй-бүлөсүн тарыхый мекенине алып келе албай жатат. Макаладагы каармандардын бири.

Ооганстандагы жакындарын чыгарып кеткени Кабулга барган этникалык казактар өздөрү да кайта албай калышты. Буга Казакстандын консулдугу саясий кырдаалга байланыштуу виза бербей калганы себеп болду.

"Талибан” кыймылы Ооганстандагы бийликти быйыл жайда басып алган. "Азаттык" теманы үч адамдын мисалында баяндайт.

“Эжемдин чоң уулун талибдер атып кетишти”

Казакстандын Шымкент шаарында жашап жаткан Шамсадин Абулкарим Ооганстанга беш ай мурда барган. Фарьяб провинциясындагы Андхой шаарына өзбек-ооган чек арасындагы Термез пункту аркылуу кирген.

Ал кезде "Талибан” өлкөгө толук көзөмөл орното элек болчу. Мүмкүнчүлүгү барлар башкалка издеп чыгып кетип жатышкан. Шамсадин да өзүнүн эжеси жана анын үй-бүлөсүн – жалпы 38 кишини алып кетиши керек эле. Бирок, ал беш айдан бери жакындары менен чогуу камалып олтурат.

Шамсадин Абулкарим
Шамсадин Абулкарим

"Мурдагы жылы эжемдин тун баласын талибдер атып кетишкен эле. Ошондон кийин эжем чалып, башка балдары үчүн коркуп жатканын айтып, үй-бүлөсүн чыгарып кетүүнү суранган. Мен ушундан улам июлда Ооганстанга келгем. Талибдер анда Кабулга кирише элек болчу (ред. талибдер Кабулду 15-августта басып алышкан). Казакстандын элчилиги “виза беребиз” деп, бизди 13-августта чакырды. Бирок ортодо согуш болуп кетти да, биз жете албай калдык",-деди Шамсадин.

Каарманыбыз жакындарын чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн Казакстандын Кабулдагы элчилигине кайра дагы тапшырды. Анын арызы консулдуктун алдындагы комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок, ага дале жооп жок.

"Жыйынтыгында менин жакындарым да, ал тургай өзүм да Казакстанга кете албай калдым. Мына кыш ортолоп баратат. Мен үйдө, өзүмдүн үй-бүлөм эмне болуп жатканын да билбейм".

Шамсадин Абулкарим Ооганстандан Шымкентке 15 жыл мурда көчүп барган. Өзүнүн жети баласы бар, анын өзүнүн үй-бүлөсү да азыр каржыдан кыйналып турат. Ага карабай оогандагы жакындарын алып кетип, Казакстандын Павлодар облусунун аймагына жайгаштырууну көздөп жаткан.

"Менин бардык туугандарым Ооганстандагы мал-мүлкүн, үйлөрүн сатып, чет жакка чыгуучу паспорт алышкан. Алар Казакстанга чыгып кетүүгө даяр. Мен Павлодар облусунун Экибастуз шаарынын акиматы, Алкей Маргулан жана Шидерт айылынын жетекчилиги менен аларды жайгаштырууну макулдашып келгем. Жергиликтүү бийликтер турак-жай менен камсыздоо, жумуш таап берүү жана балдарды мектепке жайгаштыруу жагынан жардам беребиз дешкен. Мен алар менен келишим түзүп, бардык документтерди Ооганстанга алып келген элем",-дейт Шамсадин.

Шамсадин Абулкарим “Азаттыктын” казак кызматына Ооганстанда тартылган видеону жөнөткөн. Тасмада 30дай киши чакан бөлмөдө отурушат, арасында балдар да бар. Андагы чоң кишилер Казакстандын бийлигине кайрылып, жардам сурап жатышат.

“Каныбыз да, жаныбыз да сиздерсиздер. Өтө кыйналып кеттик, алып кетиңиздер. Жардам кылыңыздар. Азап тартып жатабыз, жумуш да жок. Казак элине баралык, баарыбыз казакпыз”,-дейт тасмадагы аялдардын бири.

Мурдараак интернетте тараган видеолордо да өздөрүн “ооган казактары” деп тааныштырган адамдар Казакстандын бийлигине кайрылып, Ооганстандан чыгарып кетүүнү суранышкан.

“Ооганстанда жашоого мүмкүн болбой калды”

28 жаштагы Абдулкабир Уакилхан дагы Шамсадин менен чогуу жакындарын чыгарып кетүү үчүн Ооганстанга барган. Анын ата-энеси, үй-бүлөлүү эжеси жана аялынын апасы Мазари-Шарифте жашачу. Ал дагы жакындарын алып чыкмак түгүл, өзү да ошол жактан чыга албай калды.

“Азаттыктын” казак кызматы ага байланышкан кезде Абдулкабир башка бир туугандарынан карыз сураганы автобуста бараткан экен.

"Бул жакта шарт өтө оор болуп жатат, жашоого дээрлик мүмкүн болбой калды. Талибдер келгенден кийин көптөгөн дүкөндөр жабылды. Жумуш жок. 50 килограммдык ундун кабы июлда 1200 афгани болсо (1000 сомдой), азыр ал 3200 афгани (3600 сомдой) болуп калды. Анда да тапсаң, бир кап ун алып алсаң сүйүнөсүң. Адамдар болгону ошондон нан жасап жеп отурат, башка эч нерсе жок",-деди ал.

Абдулкабир өзү Казакстанга 2007-жылы келген. Анын өзүнүн 11 баласы бар. Бирок алар кантип жашап жатканынан кабары жок, үй-бүлөсүнө жардам да бере албайт. Акыркы жолу өзү 1 млн. теңге (200 миң сомдой) алып чыгып кеткен бойдон мусапыр болуп жүрөт.

Казакстандын Кабулдагы консулдугунун алдында турган жарандар. 5-сентябрь, 2021-жыл.
Казакстандын Кабулдагы консулдугунун алдында турган жарандар. 5-сентябрь, 2021-жыл.

Абдулкабир Уакилхандын сөзүнө караганда, Казакстандын консулдугунун комиссиясы анын жакындарынын арыздарын карап, аларды этникалык казак деп тааныган. Бирок аларды качан Казакстанга жөнөтөрү алиге чейин белгисиз. Уакилхан белгилегендей, Казакстандан келип, туугандарын алып кетүүгө аракет кылган жарандар тобу ушул күндөрү Ооганстандагы консулдуктун алдында улам-улам чогулуп жатышат.

“Балдарым өзбек катары жазылып калды”

Баяныбыздын үчүнчү каарманы Шермамед Маханулы 1999-жылы Ооганстандан чыгып, Казакстандын Кентау шаарчасында жашап, иштей баштаган. Аялы, балдары менен ооган жергесинде калып калышкан. Шермамед өзү Казакстандын жарандыгын алды, улуту казак. Бирок аялы менен балдары Ооганстандын жарандыгы менен жүрүшөт.

"Мен 21 жыл мурда Мазари-Шарифте өзбек кызга үйлөнгөн элем. Азыр тогуз балам бар. Эң чоңу 16га чыкты, кичүүсүнө эки жарым ай болду. Аялым экөөбүз исламдык шарт менен баш кошконбуз. Ошондуктан бизде нике күбөлүгү жок. Балдарым азыр аялымдын фамилиясына жазылып калган, күбөлүктөрүндө өзбек катары көрсөтүлгөн. Казакстандын жарандыгын алгандан кийин Ооганстанга ун, буудай жана эт алып барып, сатып жаттым. Соода жакшы эле болчу, үй-бүлөм Ооганстанда эле жашап жаткан. Эми аларды Казакстанга алып кетким келип жатат. Талибдер келгенден кийин соода токтоду. Казакстандын консулдугу “визага жардам беребиз” дешкен. Бирок, бир жарым айдан бери эч кандай кабар жок”,-деди ал.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары Казакстандын Ооганстандагы консулдугуна байланышып, Шамсадин Абулкаримдин, Абдулкабир Уакилхандын жана Шермамед Маханулынын жакындарына виза берүү кечеңдеп жаткандыгынын себебин тактоого аракет кылды. Бирок консулдуктан жооп болгон эмес.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул жөнүндө жагдайды мындайча комментарийлеген:

“Ооганстандагы саясий жана аскердик кырдаалга байланыштуу жана ошондой эле ооган бийлигинин жарандарды документтештирүү аракеттеринен улам визалык процесс убактылуу токтотулган”,-деген мекеме.

Сырткы саясат мекемеси бул маалыматка кошумча “эгер этникалык казактар тиешелүү виза алып, бирок Ооганстан аркылуу кете албай жаткан болсо, Иран, Бириккен Араб Эмираттары аркылуу Казакстанга келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин” кабарлаган.

Казакстандын Кабулдагы консулдугуна караштуу комиссия 20 үй-бүлөнү, же тагыраагы 200 адамды этникалык казак деп тааныган.

Ооганстанда “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин өздөрүн ооган казактары деп тааныштырган жарандардын тобу Казакстандын бийлигине жардам сурап кайрылган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ошондон кийин өкмөткө ооган казактарына жардам берүү тапшырмасын коюп, тиешелүү комиссия түзүлгөн болчу. Анын натыйжасында быйыл сентябрда 35 оогандык казак тарыхый мекенине кайтарылып келген.

35 оогандык казак Казакстанга алып келинген учуру. 9-сентябрь, 2021-жыл.
35 оогандык казак Казакстанга алып келинген учуру. 9-сентябрь, 2021-жыл.

Быйыл жай айында Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качкан. Бирок расмий Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарган эле. Кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ооганстандагы кыргыздардын баары эки жылдын ичинде Ала-Тоого көчүрүлүп келерин маалымдаган.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы быйыл 15-августта Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

Талибдер өлкөдө адам укуктары сактала турганын бир нече жолу жарыялашкан. Бирок эл аралык уюмдар жана эксперттер талибдер убадасын карманышпаганын маалымдап, Ооганстанда адам укуктарын коргоо боюнча эч кандай жылыштар болбогонун эскертишүүдө. Өлкөдө гуманитардык кризис каптап, жумушсуздук жана каатчылык күч алды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG