Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Президент эки жылдын ичинде ооган кыргыздары көчүрүлүп келерин айтты


Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. Иллюстрациялык сүрөт.
Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында "Азаттыктын" журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Ооганстандагы кыргыздар бизге келебиз деген оюн айтты, кайрылды. Тажикстанга малы менен кирип, бизге келебиз дегенде дароо кабыл алууга даярбыз деп билдирдик. Бирок Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда үчүнчү өлкөгө өткөрүп бербөө тууралуу келишим бар экен. Ошондуктан артка кайтты. 300дөй үй-бүлө бар, эки жылдан кийин алып келебиз. Кийинки жылы үй-жайларын бүтүрүшүбүз керек”.

Быйыл жай айында Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качкан, бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарган эле.

Август айында "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин Памирдеги кыргыздар да алардын башкаруусуна өткөнү маалым болгон.

Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курула баштады.

2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин бир нечеси Ооганстанга кайра кайтып кеткен эле.

Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн шаарчанын курулушуна капсула салган. Шаарча үчүн Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жерге жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG