Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Актер Алек Болдуин аткан тапанча боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты


Белгилүү Голливуд актеру Алек Болдуин.

Америкалык актер Алек Болдуин украин тектүү оператор Галина Хатчинске аткан тапанча боюнча экспертиза жүргүзүлүп, ал октолгон болчу деген жыйынтык чыкты. Соттун протоколу 22-октябрда жарыяланды.

Режиссердун жардамчысы актерго октолгон тапанча карматып, бирок ал коопсуз экенин айтканы, тасманын директорунун бул тууралуу маалыматы жок болгону кабарланды.

АКШнын Нью-Мексико штатында «Раст» деген фильмди тартуу учурунда белгилүү актер операторду жана режиссерду атып алган. Оператор Хатчинс ооруканага жетпей көз жумган.

Америка кинематографисттеринин гильдиясы анын өлүмүн чоң жоготуу деп атады.

Бир катар абройлуу сыйлыктардын лауреаты, 63 жаштагы Болдуин фильмде баш каармандардын бирин ойногондон тышкары анын продюсери да болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG