Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Беларус бийлиги беткапты четке каккан чечимин кайра жокко чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беларус бийлиги өлкөдө коронавирус менен катталгандардын саны жаңы жогорку чекке чыккандыктан беткап тагынууга милдеттендирбеген чечимин кайра жокко чыгарды. Эки апта мурда өлкө башчысы Александр Лукашенко беткап тагынууну кереги жок чара катары жойгон болчу.

COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлери Лукашенконун мындай чечимине нес болуп жатканын билдиришкен.

Соңку апталарда Чыгыш Европа өлкөлөрүндө коронавирус менен ооругандар кескин көбөйүп, жетекчилери жаңы чектөөлөрдү киргизишти.

Тогуз миллион калкы бар Беларуста бул оору менен жалпысынан 600 миңдей адам катталды, алардын 4,5 миңи каза болду.

Дүйнөдө COVID-19 вирусу 243 миллион адамга жукту, алардын 5 миллионго чукулу көз жумду.

Беларуста алгачкы айларда бул оору жоктугу расмий айтылып, жетекчилиги дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG