Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Тажик-ооган чек арасында ЖККУнун кезектеги машыгуусу башталды


Август айындагы машыгуу учурунда тартылган сүрөт.
Август айындагы машыгуу учурунда тартылган сүрөт.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Тажикстандын Ооганстан менен чек арасында бүгүн 23-октябрда кезектеги биргелешкен машыгууларын баштады.

Аскерлер ооган жергесинен Тажикстан тарапка согушкерлердин автомашина менен колонна болуп өтүү ыктымалдыгы каралган сценарий боюнча машыгып жатышат.

Мындай машыгуулар буга чейин эки жолу өткөрүлгөн. Кийинкиси ноябрь айына пландалып жатканын ЖККУнун расмий өкүлү Владимир Зайнетдинов билдирди.

Жалпысынан иш-чарага 4 миң аскер кызматкери жана 500дөн ашуун күжүрмөн машина тартылды.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG