Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстан аскердик техника алууга 100 млн. доллар бөлдү


Президенттин басма сөз жыйыны.
Президенттин басма сөз жыйыны.

Кыргызстан бир жылда аскердик техникаларды жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда өткөн басма сөз жыйынында айтты.

"Чек ара кызматына ок өтпөс чопкутталган унааларды алып бердик. Жакында акчасын которуп учкучсуз учактарды алып жатабыз. Орусияга акчасын төлөп берип тик учактар ремонт болууда. Жашырганда эмне 29-апрелде кагылышуу болгондо асманга учуп чыгар бир тик учагыбыз жок эле. Аскердик техникаларбыздын көбү жүрбөйт экен. Ошонун бардыгын жүргүздүк. Мунун баарын бюджеттик акчага алып жатабыз".

Президент Жапаров Кыргызстан аскердик техникасын согуш үчүн эмес, коопсуздугун коргоо үчүн жаңылап жатканын белгиледи.

21-октябрда президент Садыр Жапаров Чек ара кызматына зооттолгон 40 автоунаа тапшырган. Түркиядан "Байрактар", ал эми Орусиядан "Орлан-10" деп аталган учкучсуз учактардын келиши күтүлүп жатканы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG