Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

"Талибан" аялдарга жалгыз сапарга чыгууга тыюу салды


Талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турганда аялдарды паранжы кийип жүрүүгө милдеттендирген.
Талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турганда аялдарды паранжы кийип жүрүүгө милдеттендирген.

"Талибан" өкмөтү Ооганстандагы такси айдоочуларына "эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды автоунаага отургузууга" тыюу салды. Мындай чектөө ооган аялдарынын укуктарына байланыштуу тынчсызданууларды ого бетер күчөттү.

Эми Ооганстанда 72 чакырымдан алысыраак аймакка сапарга чыгам деген кыз-келиндер үй-бүлөсүндөгү эркек тууганынын коштоосу жок таксиге же коомдук транспортко отура албайт. Ошондой эле транспорттун бардык түрлөрүнүн айдоочулары хижаб кийбеген аял жүргүнчүлөрдү унаага салбашы керек.

"Талибан" кыймылы түзгөн өкмөттөгү Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги дал ушундай сунуштама чыгарганы белгилүү болду. Муну министрликтин басма сөз катчысы Мохаммад Садик Акиф 26-декабрда ырастап, мындай чечим шариаттын негизинде кабыл алынганын айтты.

Талибдердин жаңы эрежеси чыкканын Кабулдагы атын атагысы келбеген такси айдоочуларынын бири "Азаттыктын" ооган кызматына ырастады.

"Талибдер аялдарды машинага салбагыла деп айтып жатат. "Аялдардын дени сак болобу, же ооруп жаткан болобу, салбагыла" деген тапшырма болду", - деп айтып берди айдоочу.

Анын айтымында, талибдер айдоочуларга автоунаада музыканын добушун катуу чыгарууга болбой турганын эскертишкен.

Укук коргоочулар талибдер бийликке келгенден бери ооган аялдарынын эркиндиги кыйла чектелгенин айтып келишет.
Укук коргоочулар талибдер бийликке келгенден бери ооган аялдарынын эркиндиги кыйла чектелгенин айтып келишет.

Айрым маалымат каражаттары, жаңы сунуштама негизинен такси айдоочуларына багытталганын жазып жатышат. Анын дагы бир жобосуна ылайык, эми айдоочулар узун сакал өстүрүп, намаз маалында ишин токтотуп турушу керек болот.

Мындай чектөөлөр "Талибан" башкарып жаткан Ооганстандагы аялдардын укуктары жана эркиндигине байланыштуу бир нече айдан бери айтылып келе жаткан тынчсызданууларды ого бетер күчөттү.

Бозгундагы оогандык юрист Харун Рахими мындай сунуштамадан кийин Ооганстанда ыдык көргөн аялдар көбөйө турганын эскертти.

"Талибдер ооган аялдарынын дене мүчөлөрүнө жана кыймыл-аракетине көзөмөл кылуу укугун таксисттерге берип койду. Бул аялдарды кодулоого жол ачат жана коомдук жайлар кыз-келиндер үчүн коопсуз болбой калат", - деп жазды Твиттерге эксперт.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch укук коргоо уюмунун аялдардын укугу боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Хизер Барр талибдердин жаңы сунуштамасы "аялдарды туткунга айлантып коерун" эскертти. Ал жакында "Азаттыктын" ооган кызматы менен маегинде талибдер бийликке келгенден бери Ооганстанда кыз-келиндер укугу одоно бузулуп жатканын баса белгилеген эле.

"Адам укуктары, өзгөчө аялдардын укугу үчүн өтө оор мезгил өкүм сүрүп жатат. Ооганстандагы миллиондогон аялдар менен кыздардын укуктарын тартып алышты. Аялдар мындай шартка кантип ыңгайлашуунун жолун издеп жатышат", - деп айткан эле Хизер Барр.

Кабулда паранжы кийген аялдар таксиге отуруп жатат, 8-октябрь 1996-жыл.
Кабулда паранжы кийген аялдар таксиге отуруп жатат, 8-октябрь 1996-жыл.

"Талибан" кыймылы быйыл август айынын ортосунда Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин жалаң эркектерден турган өкмөт түзгөн. Жаңы өкмөттүн өкүлдөрү өлкөдө адам укуктары сакталат жана 1990-жылдардагы үрөй учурган катаал чаралар кайтып келбейт деп ишендиришкен. Бирок байкоочулар өлкөдө акыркы бир нече айда көпчүлүк аялдарга иштөөгө тыюу салынганын, алардын билим алуу укугу чектелгенин билдирип келишет.

Ооганстанда бийлик алмашкандан кийин бир нече жолу кыз-келиндердин укугунун сакталышын талап кылган ири акциялар өткөн. Талибдер ал митингдердин көбүн күч менен тараткан.

Мындан тышкары "Талибан" бийликке келгенден кийин Аялдардын иштери боюнча министрликти жапкан.

Өткөн айда Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлик телеканалдарга аялдар роль аткарган драма тасмаларды көрсөтпөө буйругун берген. Ошондой эле телеканалдардагы аял алып баруучуларды эфирге хижаб менен чыгууга милдеттендирген.

Айтмакчы, талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турганда дал ушул министрлик шариаттын талабын аткарбаган адамдарды камакка алууга жана аларды катаал чаралар менен жазалоого жооптуу болгон.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG