Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

"Талибдер бир күндө алты кишини атып өлтүрдү"


Кабул. 23-август, 2021-жыл
Кабул. 23-август, 2021-жыл

Эл аралык мунапыс укук коргоо уюму (Amnesty International) “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти басып алгандан бери кыйноолордун, соттун өкүмү жок эле өлүм жазасына тартуу учурлары болуп жатканын билдирди. Уюм Эл аралык трибуналды “ыктымал согуш кылмыштарын далилдеген фактыларды" текшерүүгө чакырды.

“Бизди жер төлөөдө кармап, “өлсө өлүп калсын” дешкен”

"Талибандын" желдеттери 6-сентябрда кыймылга каршы туруштук берген акыркы аймак - Панчжер провинциясынын борбору Базарак шаарына чабуул койгондо 20 чакты эркек киши туткундалган. Алар эки күн бою “кыйноолорго туш болуп, аларга жоочулар тамак, суу, медициналык жардам бербей, өлтүрөбүз деп коркутушканын” билдиришти. Аман калгандар Эл аралык мунапыс укук коргоо уюмуна өз көзү менен көргөндөрдү, башынан кечирген ырайымсыз окуяларды айтып беришкен.

15-декабрда жарык көргөн баяндамада айтылгандай, талибдер “улуттук жана диний азчылыктын өкүлдөрүн, ооган армиясынын мурдагы жоокерлерин, өкмөткө жан тарткан адамдарды кыйнашкан жана өлтүрүшкөн”.

“Талибан” бийликти өткөрүп алганын айтканы менен, оогандар дагы бир жолу саясий олку-солку үчүн өз өмүрлөрү менен төлөдү”, – деп билдирди уюмдун баш катчысы Аньес Калламар.

Докладда Кабул өкмөтү кулаган маалда “элдин азап чегишине” алып келген чабуулдар үчүн ооган куралдуу күчтөрү жана америкалык аскерлер да жооптуу экени белгиленип, мисалдар келтирилген. Кундуз шаарынын жака белиндеги Захаил конушу армия тарабынан аткыланган деген шектенүү бар. Июнда болгон эки чабуулдан бир киши жана 12 жаштагы өспүрүм кыз мүрт кеткен.

29-августта америкалык дрондун соккусунан Кабулда 10 кишинин, анын ичинде жети жеткинчектин өмүрү кыйылган. Өткөн айда жүргөн иликтөөнүн жыйнытыгында сокку “кайгылуу ката” деп аталды. 13-декабрда Пентагон ал чабуул үчүн америкалык бир да аскер жоопко тартылбасын билдирди. Вашингтон маркумдардын жакындарына кенемте төлөө, АКШга көчүп келүүгө уруксат берүүнү караштырып жатат.

Калламар Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотун “ыктымал согуш кылмыштарын далилдеген фактыларды текшерүүгө” чакырды.

9-декабрда Эл аралык трибуналдын прокурору Карим Хан ооган жергесиндеги мыйзам бузууларды тергөөдө талибдер менен өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун кылмыштарына басым жасоо чечимин кабыл алганда саясий кысымга моюн сунду деген сынды четке какты:

"Менин ресурстарым чектелүү, мындай чечимди суу жүрөк болгонум үчүн кабыл алган жокмун. Чечимди далилдерге таянып кабыл алдым. Америкалык жана жергиликтүү аскерлер жасаган деген кыйноо фактылары менен кишилерди мууздоо, аялдар менен балдарды мыкаачылык менен токмоктоп, сабоонун масштабын салыштырып отуруп, алар канчалык оор экенин тана албайм. "Талибан" жана “Ислам мамлекети” андай кылмыштарды улантышууда".

Уюмдун кызматкерлери 1-15-август күндөрү Кабулда иликтөө жүргүзүп, 65 кишини сөзгө тарткан. Августтан ноябрга чейин Ооганстандын 10 чөлкөмүндө жашаган 36 киши мобилдик тиркеме аркылуу башынан өткөндөрдү айтып берген. Алар өздөрү же жакындары ошондой мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болгон.

Баяндамада туткундалгандарды кыйноо, ырайымсыз мамиле кылуу учурлары документтештирилген. Укук коргоочулардын айтымында, бул фактыларды балким согуш кылмыштарына теңесе болот.

"Талибандын" желдеттери сентябрдын башында Урмаз айылына кол салып, үймө-үй кыдырып, өкмөткө иштеген кишилерди табууга аракеттенишкен.

“24 сааттын ичинде согушкерлер соттун өкүмүсүз кеминде алты кишини башка, көкүрөккө же жүрөгүнө атып тындым кылышкан”, - деген факт келтирилет докладда.

Күбөлөрдүн айтымында, өлтүрүлгөндөрдүн кээ бирлери бир кездери улуттук армияда кызмат өтөгөнү менен ошол маалда коопсуздук күчтөрүнө кирип же согуштук аракеттерге катышкан эмес.

Баяндамада Спин Болдак деген жерде да Кабулдун мурдагы өкмөтү менен байланышы бар адамдардын көзүн тазалашканы айтылат.

Amnesty International баяндамасын чыгарардын алдында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын орун басары Нада ал-Нашиф талибдер бийликти басып алган төрт айдын ичинде 100 кишини өлтүрүү, аялдар укуктарынын тебелениши, өспүрүмдөрдү согушкерлердин катарына жалдоо учурлары катталганын билдирген:

"15-августтан кийин кыймыл мунапыс жарыялаганы менен талибдер соттун өкүмү жок эле адамдарды тындым кылып жатканы тууралуу өлкөнүн чар тарабынан түшкөн маалыматтар бизди тынчсыздандырат. Августтан ноябрга чейин улуттук коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы кызматкерлери жана мурдагы өкмөт менен иштешкен 100 кишинин өлтүрүлгөнү жөнүндө ишенимдүү маалыматыбыз бар. Бери дегенде 72 учур үчүн "Талибан" жооптуу. Алар маркумдардын сөөктөрүн калың эл көрсүн деп коюп койгон фактылар жок эмес".

Буга чейин Эл аралык мунапыс уюму Газни провинциясында хазар азчылыгынын 13 өкүлү жок кылынганын, Дайкунди аймагында армиянын 11 жоокери өлтүрүлгөнүн каттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG