Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Кабулда ондогон кыз-келиндер жүрүшкө чыгышты


Кабулдагы кыз-келиндердин ноябрь айындагы акцияларынын бири. (Иллюстрация сүрөт)
Кабулдагы кыз-келиндердин ноябрь айындагы акцияларынын бири. (Иллюстрация сүрөт)

Ооганстандын баш калаасы Кабулда ондогон кыз-келиндер акцияга чыгып, “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн өкмөттөн аялдардын билим алууга, иштөөгө жана саясатка аралашууга болгон укугунун сакталышын талап кылышты.

16-декабрда суукка карабай Кабулдун көчөлөрүндө жүрүшкө чыккан кыз-келиндер “карьера”, “эркиндик” деп ураан чакырышты. Айрымдары аялдарды саясий кызматтарга дайындоого, эл аралык коомчулукту Ооганстанга жардам көрсөтүү программаларын калыбына келтирүүгө үндөштү.

Жергиликтүү медиа билдиргендей, “Талибан” аялдардын бул жүрүшүнө тоскоолдук жараткан жок. Бул кыймыл август айынын ортосунда Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин уруксатсыз митинг өткөрүүгө тыюу салган болчу.

Ооганстанда бийлик алмашкандан кийин бир нече жолу кыз-келиндер акцияга чыгышкан. Талибдер ал митингдерди күч менен тараткандан кийин аялдар катышкан акциялар дээрлик токтоп калган.

“Талибан” бийликке келгенден кийин Ооганстанда 1990-жылдардагыдай катаал башкаруу болбойт деп убада берген. Бирок байкоочулар өлкөдө акыркы бир нече айда көпчүлүк аялдарга иштөөгө тыюу салынганын, алардын билим алуу укугу чектелгенин билдирип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG