Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

НАТО Чыгыш Европага кошумча аскердик кемелерин жөнөтүүдө


Кара деңиздеги француз кемеси. 24-декабрь, 2021-жыл.
Кара деңиздеги француз кемеси. 24-декабрь, 2021-жыл.

НАТО өз аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирип, Чыгыш Европага кошумча аскердик кемелерди жана учактарды жөнөтүүдө. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 24-январда билдирди.

"НАТО бардык өнөктөштөрдү коргоо үчүн керектүү чараларды көрүүнү улантууда. Анын ичинде альянстын чыгыш бөлүгүн күчтөндүрүү аракеттери бар", - деп белгиленген Столтенбергдин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, альянс Балтика деңизиндеги аскердик күчтөрүн бекемдеп жатат. Уюмга мүчө айрым мамлекеттер аскерлерин жана техникаларын жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бир нече күн мурда Дания Балтика деңизинде аскердик кемесин жана учактарын жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Нидерланд да деңиздеги жана кургактагы күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирген.

"Франция НАТОнун командачылыгы астында Румынияга аскерлерин жөнөтүүгө даярдыгын кабарлады", - деп айтылат Столтенбергдин билдирүүсүндө.

АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирип, Москва жакынкы мезгилде Украинага басып кириши мүмкүн экенин эскертип келет.

Орусия аскердик операцияга даярдык көргөнүн четке кагып жатат. Ошол эле учурда Москва НАТОдон Украинаны аскердик альянска мүчө катары кабыл албоону талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG