Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

АКШ Кыргызстанга дагы 149 миң доза Pfizer вакцинасын берди


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан сүрөт. 24.01.2022.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан сүрөт. 24.01.2022.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга 149 760 доза Pfizer вакцинасын берди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Вакцинаны жеткирүү эл аралык COVAX программасынын алкагында ишке ашкан.

"Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын болушу пандемияны токтотуу үчүн абдан маанилүү. Бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана вирустун жаңы кооптуу штаммдарынын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”, - деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов АКШ өкмөтү жана башка эл аралык өнөктөш уюмдардын колдоосу менен Кыргызстанда каалоочулар үчүн вакцина жетиштүү экенин айтып, тургундарды COVID-19га каршы эмделүүгө чакырды.

АКШ Кыргызстанга үчүнчү жолу Pfizer вакцинасын берип жатат. Жалпысынан өткөн жылдын октябрь айынан бери 450 миң доза Pfizer вакцинасын берди.

Пандемия башталгандан бери Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга коронавирустун алдын алуу, дартты аныктоо жана дарылоо үчүн 9 миллион доллардан ашык каражат бөлдү. Бул каражат жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого жана медицина кызматкерлерин окутууга жумшалды.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 24-январга карата вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллионго чукулдады. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго жетти. Министрлик жашы 60тан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG