Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Керим Турапов.
Керим Турапов.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ырастады.

Тураповдун арыз жазган себеби айтылган жок. Мекеменин басма сөз кызматы театрдын директорун ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрук чыга элек экенин билдирди.

Керим Турапов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал 2019-жылы театрга жетекчи болуп келген.

Былтыр жайында театрдын кеминде жети артисти жумуштан кеткен. Арасында жогорку даражадагы балет артисти Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышканын айтышкан.

Театрдын директору Керим Турапов өнөрпоздордун иштеши же жумуштан кетүүсү өз эрки экенин билдирген.

Кыргызстандык артисттер буга чейин былтыр март айында билети кымбат коммерциялык спектаклдерден алар эч кандай акча албай турганын, бекер иштеп келатканын айтып, нааразылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

2021-жылы 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында чыр чыгып, ага гонорар маселеси себеп болгону айтылган. Билеттердин баары сатылып, спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG