Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Ослодо Батыш дипломаттары менен "Талибандын" сүйлөшүүсү башталууда


Ослого сапар алган талиб делегациясы, 22-январь 2022-жыл.
Ослого сапар алган талиб делегациясы, 22-январь 2022-жыл.

24-январда Норвегиянын баш калаасы Ослодо “Талибандын” (Кыргызстанда тыюу салынган) делегациясы менен Батыш дипломаттарынын сүйлөшүүсү башталат. Ага талибдердин 15 кишиден турган делегациясынан тышкары АКШнын, Франциянын, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын, Евробиримдиктин жана Норвегиянын дипломаттары катышат. Жыйында талибдер бийликти ээлеп алгандан бери Ооганстанда кескин курчуган гуманитардык кризис жана адам укуктарынын абалы талкууланмакчы.

“Талибан” делегациясы эл аралык каржы институттарындагы Ооганстандын август айында камакка коюлган миллиарддаган доллардык каражатынын башын ачууну талап кылат деп күтүлүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Ооганстанда 22,8 миллион кишиге тамак-аш жетишпейт жана 8,7 миллион жаранды ачарчылык тооруп турат. Кыргызстанда тыюу салынган "Талибан" кыймылы бийликке келгенден бери Ооганстанда жумушсуздук күчөп, бир нече айдан бери мамлекеттик кызматкерлерге айлык акы төлөнбөй жатат.

Август айынан бери Ооганстандын бюджетинин 80% түзгөн эл аралык каржылык колдоо токтоп турат. АКШ Ооганстандын Борбордук банкынын 9,5 миллиард долларына чектөө койгон.

Кабулдан келген жалаң эркектерден турган делегацияны талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки жетектеп барды. Алар үч күндүк сапардын биринчи күнүндө оогандык жарандык активисттер менен Ооганстандагы адам укуктарынын абалын талкуулашты. Жекшембиде Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында 200дөй адам акцияга чыгышып, бул жолугушууларды айыпташты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG