Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Өзбекстан газ берүүнү токтоторун билдирди, Ошто чектөө киргизилет


Ош шаары.
Ош шаары.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы өлкөнүн түштүк аймагында бир нече күндөн бери газ берүүнүн көлөмү азайганы боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, абанын температурасы кескин төмөндөп жана керектөө өсүп жатканына байланыштуу Өзбекстан газ экспорттоону токтотуу планын билдирген.

"Күз-кыш мезгилинде керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу бул көйгөй жыл сайын кайталанып келет. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасынын азайышына байланыштуу техникалык себептерден улам түштүк тарапка газды экспортоо төмөндөйт. Маалыматтарга караганда, катуу суукта Өзбекстандын ички керектөөсүн камсыздоодо кыйынчылыктар жаралып, бул жылытуу мезгилинде ар кандай чектөөлөргө алып келет. Коңшу өлкөнүн бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын расмий түрдө билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Мындан улам авариялык кырдаал жаралбаш үчүн көп күч келген маалда Ош шаарындагы жеке секторлорго (бюджеттик мекемелер, көп кабаттуу турак үйлөр) газ берүүдө чектөө киргизилет.

Ошондой эле Өзбекстандан чыккан газды жеткирип турган "Газпром экспорт" ишканасы жана өзбек кесиптештери менен газды туруктуу негизде камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатканы белгиленген. Мекеме бул маселени чечүүнүн жолу катары өлкө ичинен газ чыгарууну өнүктүрүүнү атады.

Жаралган ыңгайсыздык үчүн "Газпром Кыргызстан" ишканасы тургундардан кечирим сурап, Ош шаарын газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык керектүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын белгилейт.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпромуна” сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. "Ошгаз" ишканасы да "Газпромго" өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG