Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Куршабда Адахан Мадумаровдун тарапташтары бийликке кайрылды


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

24-январда Өзгөн районунун Куршаб айылында Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Адахан Мадумаровдун тарапташтары чогулду.

Алар бийликке кайрылып, Мадумаров боюнча адилет чечим чыгарууну талап кылышты. БШК мандаттан ажыраткан Орозайым Нарматованы колдогон пикирлер да айтылды. Нааразы тарап Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы жер боюнча Өзбекстан менен макулдашуу протоколунун учурдагы макамы боюнча да түшүндүрмө берүү керектигин, Бактыбек Калмаматов, Жеңиш Молдокматов сыяктуу саясатчыларга да кысым көрсөтүлүп жатат деп эсептерин билдиришти.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 24-январда да Башкы прокуратурага суракка киргени айтылган.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын маалымдаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG