Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Көзөмөл кассалык аппаратка каршылар өкмөт үйүнүн алдына чыкты


24-январда Бишкек, Токмок, Кант шаарларында иштеген айрым соодагерлер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү көзөмөл кассалык аппарат (ККМ) орнотууга каршы экенин билдирип, өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Чогулгандар ККМ орнотууга ишкерлер даяр эместигин айтууда.

Алар менен жолуккан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев көзөмөл кассалык аппаратты колдоно электе эле каршылык көрсөтүү туура эместигин айтты. Министр быйылкы жылы октябрь айына чейин сыноо мөөнөтү менен бул шаймандар орнотулуп, демилгени ишке ашыруу үчүн жеңилдиктер да каралганын кошумчалады.

Бул маселеге байланыштуу бүгүн ишкерлер жана соодагерлер менен Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу пландалган.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, 20-январга карата Кыргызстанда кассалык аппарат (ККМ) колдонгон субъектилердин жалпы саны 32,5 миңге чамалады. Учурда ККМнын эки - аппараттык жана программалык түрү колдонулууда.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы "Дордой", "Дордой Моторс" жана "Таатан" өңдүү ири базарлардагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 12-январда "Дордойдо" иштегендер менен жолуккан эле. Анын жыйынтыгында тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү менен соодагерлерден турган жумушчу топ түзүү, чакан бизнес үчүн кассалык аппараттарды колдонуунун жеке шарттарын иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG