Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

ИИМ: Акынды колдоп чыккан активисттер шаардагы мушташка байланыштуу кармалган


Болот Темиров жана Болот Назаровду бошотуу талабы менен өткөн митинг.
Болот Темиров жана Болот Назаровду бошотуу талабы менен өткөн митинг.

Милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду колдоп, тынч митингге чыккан Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркуловдун кармалып, кайра коё берилиши боюнча түшүндүрмө берди. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, активисттер Бишкектин Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган мушташка байланыштуу кармалышкан.

"Коомдук тартипти бузгандар милиция бөлүмүнө жеткирилген. Факт маалыматтарды каттоо журналына киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов Т.С аттуу жарандын денесине жаракат келтиргени аныкталган. Ал аты аталган адамдардан качып баратып ошол жердеги милиция кызматкерлеринен жардам сураган. Милиция бөлүмүнө алынып келингенден кийин Т.С. аттуу жаран арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Натыйжада кармалган активисттер койо берилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул иш текшерилип жатканы белгиленген.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова митинг бүткөндөн кийин Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов Ленин районунун аймагынан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин "Фейсбук" баракчасына жазган. Ал активисттерди тез арада бошотуу зарылдыгын белгилеп, ички иштер министри Улан Ниязбекого кайрылган.

Кармалгандардын бири Нургазы Шайлообеков бул маалыматты "Азаттыкка" ырастап, Болот Назаровду колдоо акциясынан кийин үйүнө бараткан учурда милиция кармап кеткенин айткан.

22-январда кармалган Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров жекшемби күнү түштөн кийин бири тил каттын негизинде, экинчиси үй камагына чыгарылган.

Журналист менен төкмө акын бир күн мурун маңзатка байланыштуу шек саналып кармалган. Жарандык коом жана маданият өкүлдөрү алардын кармалышын "сөз эркиндигине басым жана куугунтук" деп баалап митингге чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG