Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Комитет Сауд Арабиядагы элчи кызматына Мариповдун талапкерлигин жактырды


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси кызматына мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Депутаттар экономикалык байланыштарды арттыруу, туристтердин агымын көбөйтүү сыяктуу сунуштарды айтышты.

43 жаштагы Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин өкмөттү жетектеген.

Сауд Арабиядагы азыркы элчи Абдилатиф Жумабаев 2019-жылдан бери иштейт.

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын мамилеси 2015-жылдан бери жандана баштаган.

Буга чейин араб өлкөлөрүнөн каржыланган “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” уюму Кыргызстанда 200дөн ашык мечит курууга демөөрчүлүк кылып, бирок сын-пикирлерден кийин 30 мектеп жана 10 чакты фельдшердик-акушердик пункттарды куруп берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG