Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Талайбек Бектеновдун ордуна Эркин Тавашаров дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. Талайбек Бектенов 2021-жылдын февраль айынан бери мекемени жетектеп келген.

Эркин Тавашаров Жалал-Абад мамлекеттик университетин, Чехиядагы Брно жана Малайзиядагы техникалык жогорку окуу жайларды бүтүргөн.

Ал эмгек жолун 1999-жылы "Токтогул" гидроэлектр станциясынан баштаган. Мурда Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык, тоо-кен жана өндүрүш көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектеп турган.

"Электр станциялары" ачык акционердик коому Кыргызстандагы электр энергиясынын 98% өндүрөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG